Учурда Бишкек Жылуулук электр борборунун жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда ЖЭБде 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. “Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин болууда. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саатты түзүүдө”, – деди ал. […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 917 адам, 31 техника тартылды. Анын ичинде ӨКМдин 55 куткаруучусу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген. […]Читать далее
Кыргызстанда 106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Кыргызстанда баланын үй-бүлөлүк курчоого алуу укугун сактоо”аттуу тегерек столдо билдирди. “Биздин өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан үй-бүлөлүк тарбиялоонун альтернативдүү формаларынын бири фостердик үй-бүлөлөр болду. Аталган институт балдардын интернаттарга түшүүсүн алдын алууга көмөктөшөт, ал 2014-жылдан бери ишке […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды. Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо; ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, […]Читать далее
Мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алган “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому толугу менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымына караганда, аталган ишканада 65% мамлекеттин үлүшү болгону менен ушул кезге чейин өлкө казынасына дивиденд төкпөй келген. “Анткени туунду компанияларды ачып алышып, мамлекеттин үлүшүн ар кандай жол менен […]Читать далее
Бишкек шаарында жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат, деп билдирет ыкчам штаб. Маалыматка ылайып, бүгүнкү күндө Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди. Бул объектилер Пишпек районунда жана Ош базарына жакын жайгашкан. Температуралык режимди […]Читать далее
2024-жылдын 4-февралында төрт кыргызстандык Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилди. Бейтаптарды КРнын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Даш тосуп алышты. Бейтаптар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды. Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 861 адам, 18 техника тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, анын ичинен ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда: авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө; ЖЭБди имаратын жылуулоо […]Читать далее
“Электр Станциялар” ААКтын филиалы этап-этап менен керектөөчүлөргө ысык суу бере баштады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 727 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду. Жылуулук алып жүргүчтөрдүн параметрлери калыбына келтирилген райондордо ысык суу берүү улантууда. ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура 40 градустан 61 градуска чейин кармалууда.Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн дагы бир отказан ишке кирди. Энергетика министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, учурда ЖЭБде жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат. Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт. Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин. Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез […]Читать далее