“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышкан. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзгөн. 2023-жылдын 7-декабрына карата аталган Долбоордун алкагында республиканын 7 339 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 300,0 млн […]Читать далее
13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кыска мөөнөттүү тез медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышып, бейтаптардын ата-энелери менен маектешти жана борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов күз-кыш мезгилинин башталышы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит, пневмония менен […]Читать далее
Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкектеги мектептер 13-15-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде онлайн окутууга өтүшүүдө. Белгилей кетсек, бала бакчалар штаттык режимде иштей берет, бирок балдардын каалоосу боюнча үйдө калтырса болот. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.Читать далее
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2023-жылдын декабрына учурдагы эсептөөнү эске алуу менен, 2023-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон карызды төлөгөн абоненттерге, туумду эсептен чыгаруу боюнча акция өткөрөт. Бул акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар үчүн өткөрүлөт. Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду […]Читать далее
Өлкөбүздүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 3:32де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окууга өттү, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги. Мындай чара катуу суук аба ырайына байланыштуу. Кыргызгидромет борбору бүгүн-эртең өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскерткен. Айрым өрөөндөрдө термометрдин көрсөткүчү -35 градуска чейин төмөндөйт.Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу иш сапары менен Бишкек жылуулук электр борборуна барып, учурдагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу борбор калаадагы ЖЭБдин аткарып жаткан ишин жеринде текшерди. Андан кийин, министр Таалайбек Ибраев «Электр станциялары» ААКтын биринчи орун басары жана Бишкек ЖЭБинин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө калкка үзгүлтүксүз жарык […]Читать далее
Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) Кыргызстандын, Непалдын жана Бутандын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгынын сүйлөшүү процессинин жетекчилери менен глобалдык жыйынтыктоочу – GST документи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев КОП-28 алкагында «Тоолор жана климат» […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандаганын маалымдап, алардын тизмесин жарыялады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан КР министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү макулдашылды. Тактап айтканда, “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскертет. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор […]Читать далее