Бүгүн, 14- декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси жана колдоосу менен жаштар уюмдарынын жарманкеси өткөрүлдү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жармакенин ачылышында жаштар уюмдарынын ишмердүүлүгүн баалап, активдүү иш алып барып жатышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мыкты ыктыярчыларга жана уюмдарга мактоо баракчалар менен белектерди тапшырды. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басарлары 2023-жылдын 14-декабрында пресс-конференцияда Салык кызматынын 11 айдагы ишинин жыйынтыгы, салык системасын санариптештирүү жана товарлардын бааларына салыктар кандайча таасир этери тууралуу айтып беришти. Салык кызматынын төрагасынын айтымында, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 225 млрд 744,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Белгиленген план 3,5 млрд сомго ашыгы […]Читать далее
2023-жылдын 11-айына карата кыймылсыз мүлк рыногунун активдүүлүгү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек жана Ош шаарларында ар түрдүү өнүккөн. Бишкек шаарында сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн саны жеке турак үйлөр боюнча 1,6 пайызга, батирлер боюнча 11,13 пайызга өскөн. Ош шаарында өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу жеке турак жай рыногунда да (-3,85%) жана батирлер рыногунда да төмөндөө (-9,36%) байкалууда. […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери 567 жеке медициналык мекеме текшерилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Арыкбаеванын айтымында, анын ичинен 165 медициналык мекеме ишмердүүлүгүн лицензиясыз жүргузүп келгени аныкталды. “Текшерүү министрликтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан жургүзүлдү. Ошентип, “Укук бузуулар жөнүндө” КР кодексине ылайык, 251 протокол түзүлүп, 1 […]Читать далее
Кыргызстанда жалпы 220 миң 12 бөбөк бала бакчага барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомство Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып өткөн жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 122 объектиге көбөйүп, натыйжада балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу 2,5%га жогорулаганын билдирет. Ошондой эле “Өкмөттүк акселератор” программасын ишке ашыруунун натыйжасында быйыл 900 баланы тейлеген […]Читать далее
Бишкекте бүгүн 2023-2024-жылдарга карата кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чара “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтүп, ага Туризм департаментинин жетекчиси Нурмухамед Миңбаев катышты. Иш-чара коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулду. Ошондой […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 225 млрд 744,7 млн сом жыйналды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди. Анын айтымында, бул белгиленген пландан 3,% слрд сомго ашык. “Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 39,9 млрд сомго көп жыйналды”, – деди ал. Анын […]Читать далее
Кыргызстанда 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик алды. Бул тууралуу «Кепилдик фонд» ААКнан билиришти. Өткөн шаршемби күнү, үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүү үчүн кредиттик каражаттарды алууга «Кепилдик фонд» ААК кызматын пайдаланган. Талас районунан мал чарбачылыгы менен алектенген ишкер болду. Кепилдиктин суммасы 281 миң сомду, кепилдиктин көлөмү 850 миң сомду түздү. 2023-жылдын 13-декабрына карата Кепилдик […]Читать далее
Суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов айтып берди. Суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда. Бул тууралуу Кубат Касеинов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, 2040-жылга чейинки суу стратегиясы иштелип чыкты. “Президенттин жарлыгы менен жер […]Читать далее
Кыргызстанда 71 миң 296 контролдук-кассалык машина колдонулууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. “Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды сатып алуунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Өлкөдө ККМдин реестри түзүлүп, ага 33 […]Читать далее