Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь – Курултайдын экинчи күнү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда. Делегаттар аймактарды жана айылдарды, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрү жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарындагы Орус үйүндө Роскызматташтыгынын өкүлчүлүгү алдында орус тилин окутуу боюнча окуу борбору ачылды. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна орус тилин үйрөнүү жана Орусия менен Кыргызстандын маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенин билдирди. Бардык керектүү жабдуулар менен камсыз болгон окуу борбору окуучулардын орус […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен ишке ашат. «Долбоордун максаты аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жумушсуз жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кыска мөөнөттө талап кылынган кесиптерге ээ болууга жардам […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултай өтүп жатат. Анын ишинин биринчи күнү бүгүн, 15-декабрда, болуп өттү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти. Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев бүгүн, 15-декабрда, ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен эл аралык тоо күнүнө карата “Тоо экосистемаларын калыбына келтирүү” темасында тегерек стол өткөрдү. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 11-декабрды Эл аралык тоолор күнү деп жарыялаганы айтылды. Бул күндү белгилөө тоолордун планетада жашоо үчүн мааниси жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, тоолуу […]Читать далее
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик жайларга жол белгилерин коюуну улантууда. Бул жолу Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы белгилер орнотулду. Алар эл арасында “Темирландын таштары” деп аталган Сан-Таш комплексине багыттайт. Аралыгы тоо көлү Көл-Төргө чейин, Аксы районунан Жергез капчыгайына чейинки аралыкты көрсөтөт. Жети-Өгүз району үчүн да көрсөткүчтөр даярдалды. Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайларын жана Чоң-Кызыл-Суу ысык булактарын […]Читать далее
Жыл башынан бери 4 146 125 243 сомго 1540 техника лизингге берилди. Анын ичинен: ↪Тракторлор – 318 даана; ↪Комбайндар – 24 даана; ↪Кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 3 даана; ↪Айыл чарба машиналары – 455 даана; ↪Спецтехника – 619 даана; ↪Унаа каражаттары – 2 даана; ↪️Чиркелүүчү техникалар – 119 даана. 2022-жылы 3 006 130 […]Читать далее
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-декабрда жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр […]Читать далее
Күн мурун, 14-декабрда Кыргызстандын аймагында эки ирет жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:59да Баткен облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Кадамжай районунун Кулду, Айдаркен, Кадамжай, Советский, Пульгон айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Баткен районунун Кыштут, Газ, Кара-Бак, Сары-Талаа,Жаңы-Жер, Кара-Бак, Чак айылдарында 2,5 […]Читать далее
Министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири эненин жана баланын ден соолугун коргоо болуп саналат. 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25,0 азайган же 27 учурду түзүп 20,2%га кыскарган (31,3 же 34 учур – 2022); ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022). Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь […]Читать далее