Учурда 400 миңден ашуун кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышууда. Акыркы 6 айда лотереянын катышуучулары 162 миңге адамга көбөйдү. Лотереянын катышуучулары 17,7 млрд сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. 16,5 млн ашык ID-номер ыйгарылды. Эскерте кетсек, 25-30-декабрда лотереянын утуштары өтөт, анда 1244 баалуу байгелер ойнотулат. Алардын ичинен […]Читать далее
Жогорку Кеңеш мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. […]Читать далее
11 ай ичиндеги Ош шаарынын көрсөткүчтөрү Ош шаарындагы өнөр жайлар 6 млрд. 951,7 млн. сомдук продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырсак 757,2 млн. сомго көбөйгөн. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2 млрд. 509,3 млн. сомго бекитилип, бул өткөн жылга караганда 908 млн. сомго көп. 2023-жылы 6000 куб болгон 4 даана суу кампа, 15 даана […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иш боюнча сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып жарандардын […]Читать далее
Кыргызстанда доллардын расмий курсу төмөндөдү. 21-декабрга карата Улуттук банк доллардын курсун 88,8656 сом (0,17%га төмөндөдү) деп белгиледи. Теңге 0,21%га жогорулап, 0,1948 сомду түздү. Евро 0,1%га жогорулап, 97,4056 сомго бааланды. Рубль туруктуу жана 0,9846 сомдон сатылууда. Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында доллар орточо эсеп менен 88,78 сомдон сатып алынып, 89,44 сомдон сатылууда.Читать далее
Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “Санарип ден соолук профили” кызматы Кыргызстандын ар бир жаранына жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат, атап айтканда: – Адам тиркелген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму; – Камсыздандыруу статусу; – Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү […]Читать далее
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (11.12-17.12.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 11 миң 575 учуру катталган. Ошондой эле акыркы жумада Бишкекте жана Чүй облусунда COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды. Республикада сасык тумоо, КРВИ жана […]Читать далее
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кийинки жылы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Кыргызстандын Улуттук банкына которулуп жатты. Муну менен катар министр өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өскөнүн […]Читать далее
Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыркы чектен ашуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча сектордун өсүү темпи 1,8 пайызды, же 428,2 млрд сомду түздү. Ал эми 2022-жылы 435 млрд сомду түзгөн. Амангелдиев өнөр жай өндүрүшүнүн мындай көлөмү […]Читать далее
2024-жылдын 24-январында кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча туруктуу авиа каттам ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Пекин шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат. Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.Читать далее