КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2022 –ж 1 июнунан тартып 2000 сомдон 8000 сомго чейин жогорулаганын Эмгек министрлиги эскертет. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, эгерде майыптарга пенсиялык камсыз кылууга укугу жок болсо, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар дайындалат. 1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга […]Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды, деп билдирди Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаменти. Адистердин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 51-жумасына (12.18-12.24.23) карата республика боюнча 16 миң 223 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыгуу учуру катталган (сасык тумоонун индекси 230,1), өткөн жумага салыштырмалуу +40,2% га өскөн. 2022-жылдын ушул эле жумасына (489,5) салыштырмалуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Түрк-Абад айылындагы 275 орунду жаңы мектептин ачылышына катышты. “Заман өзгөрдү, жер тегеренип алда канча алдыга кетти. Биздин балдар жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсун”-деген Акылбек Жапаров мектептин жаңы имаратынын […]Читать далее
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызиндустрия” ААКнун туунду ишканасы “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы 12.5 миллион сомдук продукцияны экспортко чыгарды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Илья Черный билдирди. «Казакстандын «Алма ТВ» телекомпаниясына 12.5 млн сомдук 5 миң даана приставкаларды кураштырып жөнөттүк, 2024-жылдын январь-февраль айларында буйрутмалардын негизинде дагы 5 миң даанасын жөнөтүүнү пландап жатабыз, – деп белгиледи И.Черный. Анын айтымында, ишкана 2024-жылдан […]Читать далее
Республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында “Санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары” маалымат системасы ишке ашырылууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 20 миңден ашык убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Ошондой эле санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары юридикалык күчкө ээ, тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Маалымат үчүн: Убактылуу эмгекке […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Анда Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекет үчүн кооптуу деп табылган кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочо кармоо-өзгөчө атайын милдет экенин айтып, шаар ичиндеги абактарды шаардын сыртына чыгаруу саясаты жүрүп жатканын белгиледи. “Ушул биз […]Читать далее
Быйыл 2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрында чыккан №643-т тескемесине ылайык аталган долбоор бекитилген. Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин […]Читать далее
Бүгүн, 25-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы башталды жана ал 30-декабрга чейин уланат. 25-29-декабрдагы утушка 18 млн 173 миң 997 ID-номер менен 409 миңден ашуун адам катышууда. Лотереянын катышуучулары “Салык чек” тиркемеси аркылуу 18,7 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти. 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 13.00. 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуш саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган. Андан тышкары: автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64; жөө жүргүнчүлөр […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагында 23-декабрда ишемби күнү жаңы «Кашкулак» лыжа базасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Жаныбек Кубандыков, облустун кадырлуу аксакалдары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, КРнын Туризимди өнүктүрүү жана колдоо фонду катышты. […]Читать далее