Тоң районуна курулуучу “Боз үй дүйнөсү” этно-комплексинин эскизи даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул эскиздик долбоор Тоң районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Белгиленгендей, этно-комплекс “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык комплексинин аймагына курулат. “Боз үй дүйнөсү” этно-комплексинин негизги максаты боз үйдүн жасалуу тартибинин көргөзмөсүн […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлиги IT адистери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кыргыз тилинин негизинде жасалма интеллектти колдонуу боюнча программаларды жана тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча иштерди күчөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жасалма интеллектти колдонуу менен IT-долбоорлор боюнча жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөн хакатондун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди. Хакатонго 200дөн ашык […]Читать далее
Үч жылдын ичинде бош жумуш орундардын жарманкелери 20,4 миңден ашык жумушсуздарды камтыды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди. Министр белгилегендей, долбоор үч жыл аралыгында эмгек рыногунда заманбап ыкмаларды […]Читать далее
Бүгүн, 21-февралда Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун 20-21-февраль күндөрү Татарстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында болду. Салтанатка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышты. Ошондой […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлигинде мамлекеттик органдар талап кылган маалымкаттарды жоюу маселеси боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү. Ведомстводон билдиришкендей, талкуу учурунда министр Нурия Кутнаева кагаз түрүндөгү малымкаттарды жана иш кагаздарын толугу менен жоюу керектигин белгилеп, иштин электрондук форматына өтүү каалоосун билдирди. Ал демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содн Ганхуяг менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Бакыт Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кыпчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында жабык болгон унаа жолдор тууралуу маалымат берди. Башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген: – Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы; – Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол […]Читать далее
Кыргызстанда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөткөн 45 борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул борборлордо жарандар сураган документтерди жана маалымат каттарды убагында берүү жана башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт. Белгиленгендей, акыркы үч жыл ичинде республика боюнча жарандарга 1,5 млн маалым кат, 28 миң 151 апостилдештирилген маалым кат берилген. “Министрлер […]Читать далее
Бүгүн, 21-февралда саат 09:00гө карата Бишкек шаардык Жылуулук электр борбору 310 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу, Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө. “Учурда ЖЭБдеги жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен көтөрүлүүдө. Натыйжада берилген ысык суунун температурасы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун максаты – «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» боюнча «Мамлекеттик акселераторлор» программасын кеңейтүү. Кеңешме ведомстволор аралык жумушчу […]Читать далее