2024-жылдын январь-август айларында 38000 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу КР Социалдык фонду маалымдады. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-август айларында 38000 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2024-жылы август айында 2284 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 468 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү. Бүгүн Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду. Ага […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 2-сентябрдан 8-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 858 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 482; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 249; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 57; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар […]Читать далее
Акыркы жылдары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып келет. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга иш сапар менен барды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө ал Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Кен Саито менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар анда энергетика тармагында кызматташууну, биргелешип долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен Япониянын экономика, соода жана өнөр жай (энергетика) […]Читать далее
Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! – арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; – турак үй жайгашкан жерде жаан суулары – агып […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарында 945 социалдык кызматкер иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алар 9 миң 166 адамды үй шартында тейлешет, алардын ичинен: жалгыз бой кары – картаң жарандар – 3 655 адам; майыптыгы бар адамдар – 2 096 адам; […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К Бакетаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Кыргыз Республикасындагы Япон Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Хироюки Кавамато мырза менен жалпы суммасы 2 млрд 153 млн япон йенин түзгөн (болжол менен 13,8 АКШ доллары) “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору […]Читать далее
Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал динге карата айтылган чагымчыл билдирүүлөрдү таратууну, сурамжылоолорду жасоону токтотуу керектигин белгиледи. “Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 6-сентябрында 76 жаш курагында КР Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, КР Эл сүрөтчүсү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси Жайчыбеков Бекбосун Карабекович узакка созулган оорудан соң каза болду. Жайчыбеков Бекбосун Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылында туулган. жылы Алматыдагы […]Читать далее