Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тоолуу аймакта балдарды жаңы-жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылдын 30-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун алыскы тоолуу аймактарында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жаңы-жыл майрамы менен куттуктады. Майрамга карата үй-бүлө мүчөлөрүнө тамак-ашка керектелүүчү продукталар, […]Читать далее
ЖКККББгы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Исраилов жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөрүп, майрам күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө багытында төмөнкү тапшырмаларды койду. -Майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоо жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, автобекеттерде жана соода сатык кылуучу базарлардын […]Читать далее
Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады. Муниципалитеттен кабарлашкандай, учурда инфракызыл жылыткыч орнотулду. Ошондой эле жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер коюлуп, килемдер алмаштырылды. Металл тосмолор сырдалып жана алардын элементтери алмаштырылды. Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү – 75 сантиметр болгон КР Мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду. Иштер «Бишкекбашкыархитектура» МИнин долбооруна ылайык демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен аткарылган. […]Читать далее
2023-жылы Кыргыз Республикасынын УКМКсы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте төрт гуманитардык акция өткөрдү. Кыргызстандык дарыгерлерди Ооганстанга жөнөтүү менен Ооган эли дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана биринчи керектелүүчү товарлар менен камсыз болгон. Жалпысынан Ооганстанга, анын ичинде Герат провинциясынын жер титирөөдөн жабыркаган тургундарына дээрлик 135 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. 2023-жылы Ооганстанда болгон табигый кырсыктардан улам бул өлкөнүн калкы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот. Салык кызматынан билдиришкендей, эртең 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө. Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинде улуттук идеологиянын негизги багыттарын аныктоо боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган мамлекеттик органдын өкүлдөрү, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, академиктер, коомдук ишмерлер катышты. Жыйында катышуучулар тараптан идеологияны жайылтуу, улуттук баалуулуктарды сактоо жаатында түрдүү багыттагы сунуштар берилди. Мындан тышкары, идеологияны жайылтууну бала бакча, мектептерден баштап, тарыхый кино, сериал, балдар […]Читать далее
Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир катар жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук балаты майрамы болуп өттү. Бул иш-чара жакшы салтка айланып, Улуттук тарых музейинде экинчи жыл катары менен өтүп […]Читать далее
Министрлик Санарип MED Саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында интеграцияланган санариптик медициналык картаны жана дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын киргизүүдө. Кызматтын техникалык модернизациясы бейтаптарга ыңгайлуулукту жогорулатууга жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Модернизацияланган кызмат баштапкы денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын (ҮМБ, ҮДТ) үй-бүлөлүк дарыгерлеринин кабыл алуусун онлайн режиминде түзүүгө мүмкүндүк берет, өз […]Читать далее
2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө), ал эми 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүү алдында турат. Чуй облусу боюнча – 1; Баткен облусу – 1; Ысык-Көл облусу – 1 курулуш,1 оңдоп-түзөө; Нарын облусу – 2; Ош облусу – […]Читать далее
Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигнин басма сөз кызматы билдирет. Республикадагы КТБлар жана Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрү (паспорттук бөлүмдөрдүн) 8-январдан тарта кадимки режимде иштеп, калкка кызмат көрсөтө баштайт. Бүгүн, 29-декабрда пилоттук долбоордун алкагында Бишкектеги эки КТБ саат 20:00гө чейин иштейт. Алар: […]Читать далее