Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик […]Читать далее
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, атап айтканда атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында, (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (КараЧитать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды илгерилетүү жаатындагы маселелерди чечүү боюнча өз ара аракеттенүү планына кол коюшту. Министрдин айтымында, документ […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунун жыйынтыгын Facebook`тагы расмий баракчасына жарыялады. “Акыркы убактарда жалпыбыз президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар саясатында иш жүзүнө ашып жаткан көптөгөн далилдүү иштерге жана жакшы башталыштарга күбө болуп жатабыз. Укмуштуудай кескин экономикалык бийиктиктер жана социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүдөгү ийгиликтер менен кошо, биз эл аралык […]Читать далее
“Электр станциялары” ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагындына 2024-жылдын 5-мартынан тарта аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконстукцияга берилет. Эмгек министрлигинен бюилдиришкендей, “Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Долбоордун ишке ашыруунун негизги максаты: – ГЭСтердин […]Читать далее
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын 2023-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, комитет төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча […]Читать далее
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынды. “Токтом” маалыматтык-укуктук порталынын маалыматына ылайык, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 81 Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана КР министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ташып чыгууга ушул токтом күчүнө […]Читать далее
КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылдын 1-мартынан тартып «Торугарт-автожолу» жана «Эркештам-автожолу» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери жумасына жети күн күнү-түнү кызмат өтөй баштаганын билдирди. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоо жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарында күнү-түнү кызмат көрсөтүү үчүн бажы кызматы бардык зарыл иштерди жүргүздү. «Торугарт-автожолу» жана «Эркештам-автожолу» өткөрүү пункттарынын […]Читать далее
Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калкттуу пункттары – Керкиден жана […]Читать далее