Жеке менчик лабораторияларда калкка көрсөтүлүүчү лабораториялык кызматтардын баасы төмөндөтүлүүдө, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү. Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте Баткен облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу, инвесторлорду тартуу үчүн КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен өнүктүрүү багытындагы өнөктөштөрдүн ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, донордук кеңеш өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР соода-өнөр жай […]Читать далее
КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттинин базар баасы 470 млн.сомду түзөт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.Читать далее
Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустун 15 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте 8, Ошто 4, Чүй облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 1 учур катталган. Учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда.Читать далее
Кыргызстандын аймагында бүгүн саат 12:22де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта, Алматы шаарынан 40 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүктө жайгашкан. Жердин силкинүүсү Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 4 балл, […]Читать далее
Толук кандуу оңдоо ишин жүргүзүү үчүн Бишкек Жылуулук электр борборунун жана жылуулук тармактарынын ишин токтотуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, эгер былтыркы жылы май-июнь айларында өчүрүлгөн болсо, быйыл жылуулук борборлорунун ишин 30-40 күнгө өчүрүү каралууда, бул иштин көлөмүнө жараша болот. “Оңдоо иштеринин графиги […]Читать далее
Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 753 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Быйыл 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштымалуу эрте баштоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылытуу сезону ийгиликтүү аяктады. “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Аталган гидроагрегаттын реконструкциялоо иштери план боюнча бүтүп ишке берилсе, 60 […]Читать далее
“Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар”, – деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 7 млрд 753 млн метр куб болсо, былтыр 8 млрд 35 млн метр кубду түзгөн. “Керектөөнүн көптүгүнө байланыштуу жуктөмдү автоматтык чектөө системасы иштеп жатат. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти. Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар: Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы; Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), […]Читать далее