Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт. Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт: – Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында; – Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында. Белгиленгендей, кар […]Читать далее
Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен президенттин Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев коммерциялык эмес уюмдар, илимий мекемелер жана жарандык коомдун активдүү бөлүгү аркылуу 2023-2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр жана Жол картасын аткаруучулар менен эксперттик жолугушууну […]Читать далее
Бүгүн Ошто шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди. Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы […]Читать далее
Айрым ГЭСтерде реконструкция жүргүзүлүп жатканына байланыштуу электроэнергияга чектөөлөр киргизилди
Кыргызстанда 5-марттан тарта электр энергиясын берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул Токтогул ГЭСинин 250 мегаваттагы бир агрегатын реабилитациялоо жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр эртең менен кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган маалда гана киргизилиши мүмкүн. “Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 2021-жылдан бери реабилитацияланып […]Читать далее
2024-жылга «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жогоруда аталган ишкананы субсидиялоого каражат республикалык бюджеттен «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча каралган. Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды. Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук […]Читать далее
Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болду. Ведомстводон билдиришкендей, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды. Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги […]Читать далее
Акыркы 3 жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасы жаңыртылып, жаңы техникалар менен толукталды. ӨКМдин потенциалын жогорулатуу максатында эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу республикалык бюджеттен материалдык-техникалык база объекттери сатылып алынды. Airbus H125 жана Airbus H145 тик учактары сатылып алынып, ангар жана күйүүчү май куюучу комплекс курууга жана аларды камсыздандырууга 1,1 млрд сомдон ашык акча каражаты […]Читать далее
Германияда өтүп жаткан ITB Berlin 2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. “Кыргызстандын павильону башка стенддерден сапаттык жактан өзгөчөлөнүп, буга чейин эле көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурган. Аталган көргөзмө 8-мартка чейин уланат. Биз кызыктуу учурларды маалымдап жана көрсөтүп турабыз”, – дешти фонддон. Кыргызстандан Туризмди […]Читать далее
Кытайда бүгүн эртең менен саат 06:10до күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилген. Кырсыктын очогу Кытайдын аймагында — Ысык-Көлдөгү Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 25 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 72 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын […]Читать далее
Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Миграция ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ICMPD башкы директору Микаэль Спинделеггер жана ICMPD Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык жетекчиси Радим Жак катышты. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул долбоор ЕБ менен ICMPDнин миграцияны башкарууга берилгендигинин […]Читать далее