Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде Үрүмчү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ли Цинхуа баштаган КЭР Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, ага министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Д.Кенжебаев, Ветеринардык кызматтын директору У.Кожобергенов жана Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелине карата 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Тапшыргандардын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларациясын кийинкиге калтырбастан […]Читать далее
Жалал-Абад облусундагы “Арстанбап” пансионаты менен “Арстанбап-Ата” турпансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымына караганда, президенттин тапшырмасы менен аталган эс алуу жайларына жаңы дем берилет. “Профсоюздар федерациясынын карамагындагы дээрлик баардык эс алуу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу акрыкы маалыматтарга карата түшүндүрмө берип, ЖЭБди ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди. Анын маалыматына караганда, буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк […]Читать далее
2024-жылдын март айында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги канцеляриялар менен бирдикте РФнын аймагында убактылуу жүргөн КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Элчиликтен маалымдашкандай, анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды: РФ компетенттүү органдарына 22 жолу барды; 57 КР жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду; РФ сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык […]Читать далее
Бүгүн, 3-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 276 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 331 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 331 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Эл картошкасын сата албай, жер төлөдө чирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун расмий маалыматына таянсак, 2023-жылы өлкөдөн жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттолгон. Алар негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине жөнөтүлгөн. Картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет. Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды. Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн. Электрондук аукционго катышуу […]Читать далее
2-апрелде саат 20:37де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында, атап айтканда Таш-Короо айылынан түштүк чыгышка карай 25 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 105 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнгүн күчү сезилген эмес.Читать далее
Күн мурун Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам жаракат алган 17 жаштагы И.А.Б. аттуу КР жаранынын абалынан кабар алышты. КР ТИМдин маалыматына караганда, жабыркаган жаран жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда. Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын […]Читать далее