Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт: “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы “Пенсиялык күбөлүк” санариптик документи жеткиликтүү болду. “Пенсиялык күбөлүк” жаңы санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Киргизилип жаткан жаңы санариптик технологиялар жаранга бардык керектүү документтерди өзүнүн смартфонунда кармоого мүмкүндүк берет. […]Читать далее
«Каракол» эл аралык аэропортун ушул жылдын күзүндө ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда «Каракол» эл аралык аэропортунда эл аралык талаптарга жооп бере турган аэробекет жана учуп-конуу тилкеси курулууда. Аэропорт саякатчылар жана коноктор үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайн, алдыңкы технологиялар менен жабдылган, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу эл […]Читать далее
Бишкек мэриясы “KG Групп” курулуш компаниясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев үлүшчүлөр менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымына караганда, мэрия курулушу аяктап, бирок расмий түрдө пайдаланууга бериле элек объекттерди ишке киргизүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр. Кеп төмөнкү объекттер жөнүндө болууда: — Тынчтык проспектиси жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Тынчтык” турак жай […]Читать далее
Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире баасы көтөрүлөт. Мектеп курагындагы балдар айына 360 сом жаңы баада чексиз коомдук транспортто жүрүү билеттерин сатып ала алышат. Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат. […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Манас районундагы Киров cуу сактагычында курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Эмиль Мухамбетов аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, мерчемделген иштер өз маалында бүткөрүлгөндүгүн белгилеп, сунунун көлөмү көбөйсө, жакынкы арада ишке берүүгө даяр экенине токтолду. Ал белгилегендей, […]Читать далее
Бүгүн КР УКМК жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи өттү. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, SOCтун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну […]Читать далее
2023-жылы Кыргызстанда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү 17 машина-трактордук станция уюштурулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Директордун айтымында, анын ичинен 3 МТС муниципалдык, 14ү жеке тараптарга таандык, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 6 эсеге жогору. “Ал эми өлкө боюнча МТСтердин саны 142ни түзөт, анын […]Читать далее
2023-жылы республика боюнча 216 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп жана токтоп тургандар жандандырылып айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө айыл чарба кооперативдерин түзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Кожогулов белгилегендей, 2023-жылга карата жалпы республика боюнча 694 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө […]Читать далее
2023-жылы республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1765 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Облустар боюнча алып караганда: 📍Чүй облусу боюнча 265 даана, 53 га жерге, 📍Ысык-Көл – 74 даана, 5,0 га, 📍Нарын-38 даана, 5,0 га, 📍Талас-15 даана, 4,0 га, 📍Ош – 370 даана, 53,0 га, 📍Баткен – 191 даана, […]Читать далее