КР Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады. Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри – 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 – 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган. Учурда АИ-80дин орточо баасы – […]Читать далее
Кыргызстанда 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226; мас абалында унаа башкаруу – 63; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин […]Читать далее
4-апрелде Италиянын эң ири “CIS di Nola” коммерциялык бөлүштүрүү борборунда (Неаполь провинциясы) Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын тигүү буюмдары үчүн экспорттук рынокту кеңейтүү максатында Италиядагы элчилик, Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын Беневенто шаарындагы (Кампания аймагы) ардактуу консулу А.Кастиелонун көмөгү менен уюштурулду. […]Читать далее
Кыргызстан аянты боюнча чакан өлкө болгонуна карабастан (планетанын бардык кургактыгынын болгону 0,13%), бул жерде өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүнүн 2%га жакыны жана жер бетиндеги жаныбарлардын 3%дан ашыгы кездешет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Адистердин баамында, өлкөдө өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26 миң 500дөн ашык түрү жашайт, алардын көпчүлүгү уникалдуу жана Кыргызстанда гана кездешет […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын март айында аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди. Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды: • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 49 […]Читать далее
Бүгүн, 7-апрелде “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана апрель окуясынын баатырларынын жакындары катышты. Катышуучулар мемориалга гүл коюп, куран окуп, 7-апрелдеги окуяга арналган “Таазим” музейинин экспонаттары менен таанышты.Читать далее
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында ишембилик өттү. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында уюштурулган. Ошентип, ишембиликтин алкагында саат 15:00гө карата 396 тонна таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда. Ошондой эле шаар тургундары жана уюмдар тарабынан 2 миңден ашык көчөт отургузулду. Ишембиликке Бишкек шаарынын мэриясынын […]Читать далее
Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, түнкү саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган. Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр […]Читать далее
Президенттин тапшырмасына ылайык өлкөдөгү чоң стадиондордун бардыгы калыбына келтирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди. Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы талапка жооп бере турган стадион жок. “Кыргызстандагы 12 чоң стадион калыбына келтирилет […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бир тууган Матраимовдорго каршы козголгон кылмыш иши кайсы стадияда экенин айтып берди. Анын айтымына караганда, Райымбек Матраимовдун үч бир тууганы Ошто. Алардын бирине карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, калган экөөнө “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. “Райымбек Матраимов болсо УКМКнын убактылуу кармоочу […]Читать далее