Бүгүн, 19-мартта Бишкекте “Билим Бишкек” инновациялык борборун ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, директор Рахат Керимбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түркиянын Технологиялык команда фонду жана Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен биргеликте экинчи инновациялык борборду ачуу боюнча келишимге кол […]Читать далее
Брюссель шаарынын Борбордук китепканасында Нооруз 2024 ири фестивалы өттү. ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги тарабынан кыргыз диаспоралык уюмдар жана Брюссель шаарынын муниципалдык бийлиги менен биргеликте, ошондой эле башка диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган. Маданий иш-чарага Бельгия борборунун тургундары жана меймандары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты. Фестиваль Нооруз майрамын белгилөөчү мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту […]Читать далее
Москва — Бишкек багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, россиялык “Победа” авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарды аткара баштады. Москва (Внуково аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар ушул жылдын 26-апрелинен тартып күн сайын аткарылат. Билеттерди сатып алуу жеткиликтүү. “Победа” — “Аэрофлот” тобунун бюджети төмөн арзан авиакомпаниясы. Аталган […]Читать далее
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кезектеги этабын баштады. Ишканадан маалымдашкандай, 17-мартта Жалал-Абад шаарында ишканасынын башкы директору А.Сакиев менен “Кытай темир жолдору” мамлекеттик корпорациясынын директордун орун басары Ван Тунцзень баштаган делегациясы менен жолугушту. Аталган сапар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу […]Читать далее
Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Ноорузду майрамдоо боюнча расмий иш-чарага катышты. КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара «Society» дипломатиялык журнал тарабынан Афганистан, Азербайжан, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Австриядагы элчиликтери менен биргеликте уюштурулду. Ноорузду майрамдоого Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Австриянын көрүнүктүү саясатчылары жана коомдук ишмерлери катышты. […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. Белгиленгендей, иш-чара энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ички жана тышкы инвесторлор тарабынан энергетика тармагына инвестицияларды тартуу максатында уюштурулуп, жыйынга 50гө чукул компаниянын өкүлдөрү катышты. Суроо-жооп форматындагы мындай жолугушуу энергетика министринин демилгеси менен үчүнчү жолу уюштурулууда. Жыйындын […]Читать далее
Бүгүн, 19-мартта саат 08.38де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда – Эркечтам айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Нура айылынан 34 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Эркечтам жана Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.Читать далее
Дортмунд шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Дортмунд шаарынын Кол өнөрчүлөр палатасынын президенти Бертольд Шрёдер менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда жана Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды ишке орноштуруу боюнча кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Элчи Текебаев Кыргызстан менен Германиянын Федералдык аймактарынын ортосундагы квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын […]Читать далее
Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда Нооруз майрамында коомдук тартипти сактоо жана учурдагы кылмыштуулуктун абалы, аны алдын алуу жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоонун негизги чаралары сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеге министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош […]Читать далее
Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын кесиптик жана маданий алмашуу боюнча жардамчысынын орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты. Жолугушууга ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият башкармалыгынын Академиялык программалар боюнча директору Марианна Крейвен, департаменттин жеке сектор менен алмашуу бюросунун директору Марк Ховард жана мамлекеттик саясат […]Читать далее