31-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 853 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 923 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 201 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев […]Читать далее
Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору белгилеген мөөнөттө ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, учурда ысык суу берүү үчүн даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Ошентип, Бишкек шаарынын ЖЭБинде ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды: шаардын керектөөчүлөрүнө берилүүчү ысык сууну жылытуучу жана сордуруучу […]Читать далее
Кара-Суу шаарында кыска мөөнөттүү бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Анын ачылыш аземине мэр Майрамбек Тентимишов, Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Заирбек Эшмаматов жана райондук администрациянын кызматкерлери катышты. Бала бакча Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоору жана шаардык бюджеттен каржыланды. Майрамбек Тентимишов бакча […]Читать далее
Бүгүн, 30-майда Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын катчылыгы тарабынан Балдарды коргоо борбору, “Балажан” республикалык борбору, “Бир Дүйнө” фестивалы менен биргеликте уюштурулган Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мектептерден 180 бала, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун окуучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү […]Читать далее
Казакстан Алматы облусу менен Ысык-Көлдү байланыштырган унаа жолун курууга даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиевдин жолугушуусунда айтылды. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 30-майда Бишкек шаарында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешип, экономика тармагындагы бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле алар Казакстандын Ысык-Көл […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин алдында Жаштар хабы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Ага Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Салтанат Аманова, “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмесинин директору Гүлбарчын Сүйүнова, бизнес-коуч, блогер Урмат Насыкулов, жаш ишкерлер жана студенттер катышышты. Иш-чаранын алкагында жаштарга санариптештирүү, лидерлик, жашыл экономика, алдыңкы технологиялар менен тааныштыруу максатында лекция өткөрүлүп, […]Читать далее
29-майда Куала-Лумпур шаарында (Малайзия) өткөн Ислам экономикасы жана финансысынын Глобалдык форумуна катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Малайзиянын финансы, туризм, искусство жана маданият министрликтеринин жетекчилери менен жолугушту. Малайзиянын каржы министри Амир Хамза Азизан менен жолугушууда делегация башчысы Кыргызстандын экономикалык абалы, өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары, мамлекеттик башкаруу […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев башында турган Ош шаардык казыятынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анын алкагында Ош шаарынын диний чөйрөсүндө жасалып жаткан иштер боюнча пикир алышты. Абдулазиз кары Закиров диний багытта ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн, шаар бийлигине ыраазычылыгын билдирди. […]Читать далее
Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Араб Падышалыгынын Эр-Рияд шаарында “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия” форматындагы инвестициялык форумга катышты. Ибраев сөз сүйлөп, Кыргызстан Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бул форматын активдүү колдой тургандыгын белгилеп, Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуду. “Кыргыз стандын бардык суу агымдарынын жалпы […]Читать далее