Бишкек шаарындагы аялдамалар жайгашкан пункттарда коомдук транспорттун аялдамага келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу билүүгө мүмкүн болгон QR–коддор жайгаштырылууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар бир аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот. Долбоор борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында “Санариптик технологиялар борбору” жана […]Читать далее
Эмгек министрлиги 2024-жылы республикалык бюджеттен кесипке багыт берүүгө 8,2 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоорунун жыйынында билдирди. «Долбоордун жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары боюнча методикалык колдонмолор, жаштардын көндүмдөрүн аныктоо үчүн тесттердин ар кандай түрлөрү […]Читать далее
Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымына караганда, мындан ары жерлерди гектарлап ээлеп алган “байлардын” жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде баары тартипке салынат. “Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү ири соода борборлору курулат. Эки-үч сотых […]Читать далее
“Ош” аэропортунда каттамдар жандандырылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. “Туман тарагандыгына байланыштуу саат 13:30дан тарта аба каттамдары жандандырыла баштады”, – деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, коюу тумандан улам бүгүн, 27-январда саат 03:20дан тарта “Ош” эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалып турган.Читать далее
Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң “акылдуу” эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди. Анын айтыында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен авариялык абалдардын саны кыскарат. “Энергетика министрлиги жакынкы 2 жылда бардык абоненттерди (1,5 млн) “акылдуу” эсептегичтер менен камсыз кылууну пландаштырууда, бул жылы 800 миң абонентти, […]Читать далее
Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Программа 2023-жылы алгач пилоттук негизде старт алып, Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашырылды. Программанын алкагында 100 күн ичинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү […]Читать далее
Кыргызстан 2024-жылы 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымына караганда, азыркы учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Читать далее
Кытайдагы “Кашгар” Бонд чөлкөмүндө индустриалдык парк ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул индустриалдык парк “эки өлкө – эки парк” долбоорун ишке ашыруунун алкагында ачылды. Кыргызстандын Нарын облусунун Эркин экономикалык аймагы менен Кашгар комплекстүү Бонд чөлкөмүнүн ортосундагы аймакта жайгашкан. Долбоор “платформа + парк” жана “институт + ишкана” өнүгүү моделин ишке […]Читать далее
2023-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу колдонуучуларга 8 млн (7 млн 927 миң 60) онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда мамлекеттик порталындапорталында 158 кызмат жеткиликтүү, алардын ичинде 104 тез кызматтар болуп саналат. “Түндүк” мобилдик тиркемесинде 51 автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер ишке ашырылган. Электрондук […]Читать далее
Бүгүн, 27-январда аба ырайынын шарттарына байланыштуу “Ош” эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, тумандан улам каттамдар саат 03:20дан тарта кармалып турат. Токтотулган каттамдар жок. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизанталдуу 300 метрди, вертикалдуу 50 метрди түзөт. Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.Читать далее