Бишкекте мигранттардын коопсуздугу үчүн инновациялык технологиялардын презентациясы өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомство башчысы Гүлнара Баатырова санариптик форматтагы чек аралардан тоскоолдуксуз жана коопсуз өтүүнү камсыз кылган швейцариялык Travizory компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев да катышты. Гүлнара Баатырова мигранттардын коопсуздугун камсыз […]Читать далее
Кыргыз эли, улуттук адабият оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштап, 1965–1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук “Эмгекчил” гезитинде адабий кызматкер, […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу билим берүү мекемелери жаңы китептер менен камсыздалат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, КР президентинин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыгынын негизинде министрликке караштуу жогорку, орто кесиптик билим берүү мекемелерине, балдар музыкалык жана искусство мектептерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине зарыл болгон окуу-усулдук […]Читать далее
2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 миллион сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка […]Читать далее
2024 – жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруунун наркы өзгөрөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо миинистрлигине караштуу Милдеттүү медициналык касыздандыруу фондуу маалымдады. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-январындагы № 78 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы жөнүндө» буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт. 1.Кыргыз Республикасынын жарандары, […]Читать далее
Ошто жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү үчүн жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирет. Белгиленгендей, акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүк облустарында аба ырайынын шарттарына жана газ керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу магистралдык газ өткөргүчтөрүндө басымдын төмөндөшү байкалууда. Газдын тартыштыгынын негизги себеби – Өзбекстан кендеринин ресурстук базасынын төмөндөшү болууда. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, жылдын суук мезгилинде орточо суткалык температура […]Читать далее
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгек акы өсүүдө. КР Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда – 113,9%, Кыргызстанда – 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган. Белгиленгендей, Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген. 2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомдун айланасында болсо, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 574,5 млард сомдон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча Биринчи “Global Gateway” инвесторлор форумунун алкагында болду. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун […]Читать далее
2024-жылы “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-январдагы тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды. “Бул долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги билдирди. Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип Балыкчы шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө. Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8000 ден ашык акылдуу эсептегичтер […]Читать далее