“Көчмөн Сити” турак жай комплекси курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча Күн-Туу айылынын тургундары президентке кат менен кайрылышкан. “2022-жылы жеке компания 31 гектар жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, 2 миң батирди айылдын жашоочуларына жер үчүн берүүнү убадалаган. […]Читать далее
Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Fas Renewable Energy компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бабу Ануп менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Fas Renewable Energy компаниясы менен алдыдагы кызматташтыгы жана Кыргызстанда күн энергиясын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, элчи кыргыз тарап үчүн Сауд […]Читать далее
Бүгүн, 22-ноябрда “Ош” эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар кармалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалымдалгандай, Оштон уча турган бир катар багыттар боюнча учактар токтоп турат. Алар: Ош-Стамбул Ош-Екатеринбург Ош-Домедедово ОШ-Шереметьево Ош-Жуковский Ош- Внуково Ош- Эль-Кувейт Ош-Жидда Ош-Бишкек. Ошондой эле Бишкек-Ош каттамы кармалып жаткандыктан “Асман Эйрлайнс” авикомпаниясынын Таласка болгон каттамы токтоп турат.Читать далее
Бишкек шаарында курулуш учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон объектинин курулушу токтотулду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Тыналиев/ Ахунбаев дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жайларды куруп жаткан «Беш Сары» ЖЧКсынын курулушу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана курулуш ченемдерин сактоо […]Читать далее
Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, ушул жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын 71 949 жараны өлкө аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен (“тобокелдик зонада”) жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандардын бул категориясына Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы […]Читать далее
Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 42 миңге жакын батир куруу пландалууда. «Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин алгачкы батирлер берилип, аларды электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандар алышат”, – деп кошумчалады […]Читать далее
Бишкектин Жумушчулар шаарчасындагы 366 млн сомго бааланган, 0,29 га аянтты ээлеген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, бала бакча мурда “Кыргыз Темир” АКтын балансында болуп, 1990-жылы менчиктештирилгенден кийин, мамлекеттик ишкананын балансынан башка объектилер менен бирге Б.Г.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бала бакчанын имаратынын ээси бул […]Читать далее
Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин маалыматы боюнча, 20-ноябрда Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги кайрадан кыргызстандыктарды жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштады. Мекендештер Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48 ыкчам байланыш […]Читать далее
Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерлери үчүн атайын пункттар ачылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, пункттарда ишкананын кызматкерлери жумушка колдонгон шаймандарын сактай алышат, ошондой эле кыш мезгилинде жылынууга шарт түзүлөт. Белгилей кетсек, майрам күндөрү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери күнү-түнү иштөөгө туура келет жана бул пункттардан эс алып, тыныга алышат.Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын Идентификация жана жарандык, бажы жана порттордун коопсуздугу боюнча федералдык органы өлкөдөгү тартип бузгандарды каржылык айыптардан жана административдик чектөөлөрдөн бошотуу боюнча миграциялык мунапысын 2024-жылдын 31-декабрына чейин узарткандыгын маалымдайт. Ведомстводон маалымдашкандай, жеңилдетилген мезгилдин максаттуу категорияларына төмөнкүлөр кирет: 1. Жашоо эрежесин бузгандар. Уруксаттын мөөнөтү аяктагандан же жокко чыгарылгандан кийин мыйзамсыз жашаган категориясындагы […]Читать далее