Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көрүнүктүү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери маркум Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Ал өз сөзүндө кыргыз медицинасы чоң жоготууга учураганын айтып, Эрнст Акрамовдун өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. “Медициналык кесип эң асыл жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүүсү күтүлүүдө. […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда 140 орунга эсептелген №24 бала бакчанын, Калыс-Ордо конушундагы №29 жана Келечек конушундагы №27 бала бакчалардын ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Айбек Жунушалиев өз куттуктоо сөзүндө бала бакчалардын ачылышы жаш муундардын өнүгүшүнө […]Читать далее
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак, Комунна жана Искра айылдары таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маадыматка ылайык, аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Азыркы учурда жалпысынан 24 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 1000 м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык […]Читать далее
2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев Германия Федеративдүү Республикасына иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгы Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча профсоюздар федерациясы менен биргеликте уюштурган маалыматтык кампания башталды. Акция балдардын эксплуатациясын алдын алуу жана көзөмөлдөө, мектептерде жана колледждерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Иш-чаралар планында Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелерин камтуу каралган. Алгачкы иш-чара Бишкектеги Биринчи Май балдардын […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Уюштуруу комитетинин толук курамы катышкан жыйында, алгач Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгери Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы кыргыз эли оор жоготууга учураганын белгилеп, Мамбет Мамакеевдин ата мекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана улуттун саламаттыгын сактоого кошкон өзгөчө салымын баса белгиледи. “Айта […]Читать далее
Ноокатта органикалык жер семирткич завод куруу үчүн Кытайдан 15 млн долларлык жабдуулар алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарында кол койгон келишимдин алкагында Ош облсунун Ноокат районунда органикалык айыл чарба […]Читать далее
Калктын саламаттыгын коргоо жана Кыргызстандын аймагына сапатсыз жана кооптуу продукцияны ташып келүүнүн алдын алуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ташып кирүү этабында товарлардын сапатына көзөмөлдү күчөтөт. Ведомстводон билдиришкендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган күчөтүлгөн чараларды киргизди. Мындан улам, департамент ташып кирүү этабында товарлардын сапатына […]Читать далее