Кыргызстанда жалпы узундугу 169 миң километрди түзгөн 45 миңден ашуун дарыя жана мөңгүлөр Кыргызстанды аймактагы стратегиялык суу түйүнүнө айландырууда, – деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев. Ал бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан улуттук суу форумунун “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу ресурстарын сарамжалдуу […]Читать далее
Кыргызстанда жаңы “Электрондук эмгек китепчеси” модулу ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков билдирди. Анын айтымында, долбоор кызматкерлердин эмгек стажы боюнча маалыматка жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган. “Бүгүнкү күндө дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар санариптештирүү жолунда, эми эмгек китебине дагы […]Читать далее
Кыргызстан Борбор Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча улуттук суу форумунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү суу жана энергия менен камсыз кылып, Борбор Азиянын суу саясатында маанилүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан улуттук суу форумунда айтты. “Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, […]Читать далее
Бүгүн, Алымбек датка этно борборунда Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү. Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, […]Читать далее
Күн мурун Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм — үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ымыркайлар 33 жумалык болуп төрөлгөн. Кыздардын салмагы 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр. Эне 26 жашта жана бул анын үчүнчү төрөтү. Үй-бүлөдө үч бала бар. “Бүгүнкү күндө алар […]Читать далее
Ленин районунун аймагында Новопавловка МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан. Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы “Ат-Башы” мектеп-лицейинде 3 – 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат. Ленин муниципалдык администрациясы менен […]Читать далее
Күн мурун Президент Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Германиянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Берлин шаарында болуп, Кыргызстандын жана Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталды. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышуучуларга Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жана инвестициялык потенциалы […]Читать далее
Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттуудан ууланды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылышкан. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу. Бул факты катталып, иликтөө иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол коопсуздугу жаатында рейд өткөрүлдү. Башкармалыктын маалыматына ылайык, рейд учурунда жол эрежелерин одоно бузган 3 миң 52 айдоочу аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу; каршы тилкеге чыгып […]Читать далее