Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев калаадагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин ишин текшерди, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Мэр ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалдан улам жылуулук энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган «Электр станциялары» ААКнын – «Бишкекжылуулуктармагы» насостук станциясын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, учурда «Электр станциялары» ААКсы – «Бишкекжылуулуктармагы» шаардын 66% ЖЭБ аркылуу камсыздаса, шаардын калган бөлүгүн (34%) […]Читать далее
Учурда Бишкектеги 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду, деп билдирет “Бишкекжылуулуктармагы” — “Электр Станциялар” ААКтын филиалы. Маалыматка ылайык, этап-этап менен керектөөчүлөргө ысык суу бере баштады. “Жылуулук алып жүргүчтөрдүн параметрлери калыбына келтирилген райондордо ысык суу бериле башталды”, — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборунда катталган авариядан жабыркаган эки кызматкер Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди. Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Ведомстводон кабарлашкандай, БШКнын дарегине мандатын тапшыруу боюнча Жамгырчиевден арыз түшкөн. Эске сала кетсек, учурда Эмилбек Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагында. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча олуттуу иштерди баштады. Министр Гүлнара Баатырованын 2023-жылдын сентябрындагы тапшырмасына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жаңы механизмдерин өркүндөтүү жана ишке киргизүү маселелери каралууда, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. Бүгүнкү күндө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 557 кызматкер, 35 техника тартылды. Ыкчам штабдан билдиришкендей, анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу жана 17 техника тартылган. Жеринде түзүлгөн штаб ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып барууда. Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан адистерден кабар алды. Ошондой эле туугандары менен жолугушуп, баарлашты. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берди. Төрага Нурланбек Шакиев керектүү медициналык жардамдар толук көрсөтүлүшү керектигин белгилеп, Жогорку Кеңеш жылуулук борборундагы жагдайды жөнгө салууга багытталган аракеттерди […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 38 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү боюнча планды бекитти. Бул план министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бардык министрликтер жана ведомстволор үчүн 250 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. Министрлик “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун, акы төлөнүүчү коомдук иштердин жана “жеке ассистент” кызматын көрсөтүүнүн алкагында […]Читать далее
“Бишкекжылуулуктармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду. Мындай чара жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн көрүлгөндүгүн «Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы билдирет. Билдирүүдө айтылгандай, ведомстволук абоненттерге ысык суусуз циркуляциялык режим жөнүндө маалымат берилди. «ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура саат 8.00дө, 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда», – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдиргендей, акыркы мезгилде кыргызстандыктардын миграциялык агымы өзгөрө баштады. «Бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнөнүн 33 өлкөсүндө – Россияда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, БАЭде (Бириккен Араб Эмираттары), Түштүк Кореяда, Италияда, Австрияда, Улуу Британияда ж.б. Биз Россия Федерациясына баргандардын азайгандыгын байкап жатабыз, учурда […]Читать далее