Кыргызстандагы бардык майнинг фермалар ишин токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ибраев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсүнө комментарий берди. Атамбаев майнингге жана электр энергиясын экспорттоого каршы чыгып, бул аракеттерди «дефицит шартында абсурд» деп атаган. Министрдин айтымында, мурдагы президенттин айткандары көп учурда жоопкерчиликсиз мүнөздө болот. «Атамбаев адаттагыдай эле өз сөзүнө жоопкерчилик албай сүйлөгөндү […]Читать далее
Билим берүү мекемелеринде сабак бүткөндөн кийин 1 сааттын ичинде электр өчүрүлүш керек. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган №949 тескемесине ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилди. Окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөн соң) 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөндөн кийин […]Читать далее
2025-жылдын 9 айында 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, алардын ичинен 65 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан. Кайрылман макамы атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Анын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда Россиянын “РусГидро” компаниясы менен биргеликте Нарын жогорку каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлуп, ГЭСтин курулушуна расмий түрдө старт берилген. Сүрөттө көрсөтүлгөн учур — дал ошол капсула салуу аземи. […]Читать далее
Кыргызстан Улуттук тазалоо күнүнүн алкагында өлкөдөгү эң таза конуштарды аныктоо үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Сынактын номинациялары: “Эң таза шаар” “Эң таза айыл аймагы” Министрликтин маалыматы боюнча, жеңүүчүлөрдү тандоодо төмөнкү критерийлер эске алынат: Экологиялык кампанияга коомчулуктун ар кандай мүчөлөрүнүн (тургундар, ыктыярчылар, уюмдар, ишкерлер ж.б.) максималдуу катышуусу; Тазаланган […]Читать далее
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу анын президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда башталган энергетикалык долбоорлорду эске салды. Ал өлкөнүн энергетика системасынын кыйрашы 2010-жылдагы Апрель революциясынын башкы себептеринин бири болгонун белгиледи. Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Атамбаевдин айткандарынын көпчүлүгү калп экенин, анын президенттик тушунда бир да жаңы ГЭС курулбаганын билдирди. — Саламатсызбы, […]Читать далее
Коргоо министрлиги аскер кызматчыларына жана пенсиядагы жарандарга турак жай маселесин чечүүдө финансылык колдоо көрсөтө баштады. Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында ишке ашууда. Алсак, Коргоо министринин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 466 буйругу менен аскер кызматчыларына жана аскер кызматынан бошотулган адамдарга турак жай акысын же ипотекалык карызды төлөөгө акысыз финансылык жардам […]Читать далее
Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында Өзбекстандын айыл чарба министри Иброҳим Абдурахмонов Кыргызстандын cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кенембаева менен жолукту. Бул тууралуу өзбек мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Тараптар суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, үрөнчүлүк жана картошка өндүрүү тармагында тажрыйба алмашуу, мал […]Читать далее
10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу […]Читать далее
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) Илим күнүнө карата белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү. Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Жыйындын жүрүшүндө китептин мазмуну, илимий жана тарыхый баалуулугу тууралуу кеңири талкуу жүрүп, профессор Виктор Козодой Сибирь кыргыздарынын тарыхый […]Читать далее