Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагындагы орто мектептерге бекитилип, “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашууда. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатында баардык аймактардагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт ордулары уюштурулуп, баардык унаалар токтотулуп текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айрыкча спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаргандарга, […]Читать далее
Президенттин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Катманду шаарында Непал өкмөтү тарабынан уюштурулган “Тоолор, адамдар жана климаттын өзгөрүшү” Эл аралык эксперттик диалогго катышты. Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал ачкан диалог эки жүздөн ашык катышуучуларды, анын ичинде Непал, Бутан, Бангладеш, Азербайжан өкмөттөрүнүн, БУУнун агенттиктеринин жана башка эл […]Читать далее
Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар. Эске сала кетсек, Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган эбегейсиз парк комплексинин ачылыш аземи 2024-жылдын 17-майында президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн. Парк […]Читать далее
Баткенде Өзбекстандан контрабандалык товарларды ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу максатында бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда товарларды сатуу максатында түшүрүүдө Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Өзбекстан Республикасынын жаранын «Х.М.У.» башкаруусундагы […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда түнкү саат 3:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген ( Миң-Куш айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Булак айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Кош-Булак айылынан 18 чакырым түндүк батышта жайгашкан). Алдын ала […]Читать далее
Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияда окуган кыргыз студенттери, анын ичинде “Эл үмүтү” стипендиясынын ээси Сапаргүл Абдинабиева менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, министрдин мекендештер менен жолугушуусу Лондондогу XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуунун алкагында өттү. Ал эми Google`дун кеңсесине болгон сапарында Кендирбаева аталган компанияда иштеген Азирет Кенжеалиев менен жолугушту. Кошумчалай […]Читать далее
Бүгүн, 23-майда Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Бишкек шаарына иш сапары менен келди. Парламенттен билдиришкендей, ардактуу конокту “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды. Белгилей кетсек, бүгүн алгачкы ирет “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: Санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн лидерлик” темасында Борбор Азия […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты аткаруу алкагында жыл башынан бери республика боюнча ички иштер башкармалыктарына – 26, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл […]Читать далее
2024-жылдын апрель-май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан республика боюнча 33 ирригациялык объектиге залал келтирилип, зыяндын суммасы 13,6 млн сомго жеткен. Белгиленгендей, учурда Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) өткөрүлгөн Иран Ислам Республикасынын каза болгон Президенти Эбрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев иран тарапка Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан көңүл айтты. […]Читать далее