Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды. Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өткөн жылы 2,6 миң эмгек мыйзамын бузуу аныкталып, 4,8 миллион сом айып салынган. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 171 өндүрүштүк кырсыктар иликтенген. Министрлик кырсыктардын натыйжасында 123,3 млн сом өлчөмүндө компенсация алууга жардам берди. Ошондой эле 25,9 млн сом суммасында төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйналышында сөз сүйлөдү. “Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси […]Читать далее
Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет. Алар: Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району); Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары (Чаткал району); Мырзаке – Кара-Кулжа […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги 2020-жылдын сентябрынан баштап Infodocs автоматташтырылган маалыматтык система (АМТ) аркылуу иштеп, электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы менен иш жүргүзүп келет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Статистикага кайрылсак, 2022-жылы 29 миң 235 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу болсо, 2023-жыл ичинде жалпы 39 миң 542 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу ишке ашкан. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги толук электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү ийгиликтүү аяктады. Бул кадам мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги жаатындагы олуттуу жетишкендик болуп калды. Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү 2021-жылы башталган жана бардык процесстерди жана милдеттерди мамлекеттик электрондук документ жүгүртүү системасына (МЭДС) өткөрүүгө мүмкүндүк берүү менен Тышкы иштер министрлигинин ишинде жаңы доорду белгиледи. […]Читать далее
Бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 11:30 чамаасында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 101-102 км бөлүгүнө кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 м3 түзөт. Азыркы учурда каттам убактылуу жабык. Эскерте кетсек, бүгүн 2024-жылдын 16-февраль күнү эртең менен саат […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорттук–ден соолукту чыңдоо комплексинин негизги максаты ишкананын кызматкерлери жана шаар тургундары үчүн эс алууну жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыгууну уюштурууга багытталган. Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүн модернизациялоонун алкагында 2023-жылы компания «Локомотив» комплексинин муздаткыч жабдууларын толугу менен жаңыртты. Жабдууларды жаңыртуу жыл бою коньки тебүүнү, театралдык оюн-зоок көрсөтүүлөрдү, көркөм муз тебүү жана […]Читать далее
Бүгүн, 16-февралда Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Эл аралык донордук уюмдардын/каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аба ырайынын начарлашынан улам кыргызстандыктарды Казакстанга жана Россияга автожолдору аркылуу баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. Маалыматка ылайык, Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автожолдордун 100 участкасында 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, […]Читать далее