Баткен шаарында 11-17-август аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин […]Читать далее
Бүгүн Алымбек датка этно борборунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “социалдык келишим” долбоорунун алкагында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө ишкердикти баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды тапшырууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова катышты. Иш-чаранын алкагында 2022-2023-жылдарга […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу болуп өттү. Жыйында төмөнкүдөй маселелер каралды: Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө, 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда “Социалисттик Эмгектин Баатыры”, “Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты”, “Ленин” ордени, эки жолку “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин ээси Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Орозакун Мамбетакунов 1940-жылы 5-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун Ача-Кайыңды айылында малчы болуп баштаган. 1964-жылдары совхоздун баш чабаны болгон. Малдын санын көбөйтүүдө […]Читать далее
7-августтан тарта Бишкек шаарында ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу планынын алкагында өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ аймагына бажы мыйзамдарын бузуу менен алып […]Читать далее
Паспортту акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын аякташына 15 гана күн калды. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өткөрүп жаткан акциянын алкагында бардык жарандар өздөрүнүн эски үлгүдөгү паспортторун жаңы ID-карталарына акысыз алмаштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Эске салсак, 2024-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясы менен 2004-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картасын 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карталарды алмаштыруу улуттук […]Читать далее
Кыргызстанда контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында мобилдик аппаратты идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, мамлекеттик идентификациялоо системасы Кыргызстанга импорттолуучу SIM-карталарды иштетүүчү түзүлүштөрдүн стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан комплекстүү система, ошондой эле КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулуучу түзмөктөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдарды, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу болуп саналат. […]Читать далее
Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаранга пенсия чектеди. Маалыматка ылайык, анын ичинде июль айында 1 миң 205 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганына кыргыз элине көңүл айтты. “Аттиң дүйнө… кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганын угуп, каңырыгым түтөп олтурам. Айрыкча, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы капилеттен кош айтышып оо дүйнө кете […]Читать далее
Бишкек шаарында жыл башынан бери 7 миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен, 1990 абонент – коммерциялык объекттер болсо, 127си өнөр жай объектилери, ал эми 4883ү турак үйлөр. Эскерте кетсек, Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга “Элдик банк” жана “Айыл банк” тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө.Читать далее