Бүгүн КР министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда миграция тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Вюсал Афган оглу-Гусейнов кол коюшту. Макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик мамлекеттик визитинин алкагында түзүлдү. Документ Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен БУУнун КРдагы Өнүктүрүү Программасынын биргелешкен жыйналышы
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын катышуусунда SALIENT – “Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды контролдоону күчөтүү” долбоорун башкаруу боюнча комитетинин жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта БУУ системасынын Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, БУУнун Азия жана Тынч океанындагы Тынчтык жана куралсыздандыруу боюнча аймактык борборунун директору Дипаян […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун өз каалоосу менен мандатын тапшырганын ар кандай себептерге байланыштыруу туура эмес. Мындай пикирин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын башка нукка бурмалап чагылдырып жатышкандыгын айтты. “Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен […]Читать далее
2023-жылы мамлекет менен социалдык контракт түзгөн 10 миң адамдын 9 миң 562си негизинен айыл жергесинде жашаган аялдар. Бул 2022-жылы “Социалдык контракт” программасына катышкан аялдардын санынан 2,6% га көп, деп билдирет Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы. Ведомство Жалал-Абад (5,4%) жана Ысык-Көл (3,4%) облустарында эркек катышуучулардын саны байкаларлык азайгандыгын белгилейт. Ошол эле […]Читать далее
Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурда 5,1 миңден ашык тиричилик абоненттеринин карызы бар. Керектөөчүлөр өздүк эсеби тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен ала алат. Ошондой эле абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген колл-борборуна төмөнкү номерлерге чалып биле алат: 1209; 105; 0772/0702/0556 […]Читать далее
Министрлер кабинети 1-майдан тартын электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (23.04.24. №190) кол койду. Мурда маалымдалгандай, өзгөртүү киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу энергетика тармагындагы каржы тартыштыгын жабууга кошумча каражат алуу максатында жүргүзүлүп жатат. 2024-жылдын 1-майынан тарты электр энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй болмокчу: – бир киловатт-саат үчүн — 1,11 сом, эгер 700 киловат-сааттан […]Читать далее
Россиянын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам 23-апрелде жерине жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 350 тоннадан турган “Жардам кербени” узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда, Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди. Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана […]Читать далее
297 ишкер салык органында жеке ишкер катары онлайн каттоодон өтүшкөн. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Анын ичинде 102 ишкер Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу, 195 ишкер MegaPay жана Ишкер 24 мобилдик тиркемелери аркылуу катталышкан. Эскерте кетсек, буга чейин салык кызматы салык органына барбай эле салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизген. Каттоого арыз түзүү үчүн […]Читать далее
Менчиктештирилип кеткен медициналык колледждин жер тилкеси кайра мамлекеттик баланска алынды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медициналык колледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип […]Читать далее
Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун элчи Өмүрбек Текебаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, “Айыл Банк” ААК, РСК банктын, “МТС К.О. Стандарт Агросервис” өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясы Хазберген шаарындагы айыл чарба муниципалдык жабдууларын чыгаруучу ири […]Читать далее