Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саныны төмөндөөсү уланууда. Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 5 миң 449 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 19,2% аз. Ооругандардын ичинен 66,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1746 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык мекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков ведомствонун коллегиясында билдирди. “Күз-кыш мезгилинде Министрликтин социалдык стационардык мекемелерине 1542,9 тонна көмүр жеткирилген, бүгүнкү күндө көмүрдүн калдыгы 764,3 тоннаны түзөт. Бардык жеткирүүлөр муктаждыкка жана графикке ылайык жүргүзүлдү”, – деди ал. Анын айтымында, […]Читать далее
Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 6 учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 жана Чүй облусунда 3 учур аныкталган. Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.Читать далее
2024-жылдагы ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, акчаны эртең, 27-февралдан тарта 4-мартка чейин (4-мартты кошо эсептегенде) төлөө зарыл. Буга чейин зыяратчылар РСК банкка 2 миң доллар төлөсө, эми калган 1 миң 750 долларды төлөөсү керек. Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга […]Читать далее
Бишкек шаарында бир айдын ичинде 120 кичи автобус линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары ишке киргизилет. Бул трууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, 16-февралдан 19-февралга чейин айрым жеке жана муниципалдык ташуучу компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөө боюнча Транспорт департаментинин алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлгө алышкан эмес. Айдоочулар график боюнча жумушка чыгышы […]Читать далее
Кыргызстанда 19-февральдан тартып 25-февралга чейин бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 20 миң 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ыдайык, анын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 364; – мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 448; – авто […]Читать далее
Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында – Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын биринчи Эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык кызматы билдирди. Бул комиссиянын чечими менен 2023-2024-жылдарга анын иш планы бекитилген, анда бул комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунушталган 37 иш-чара камтылган. Комиссиянын 2023-2024-жылдарга […]Читать далее
Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 36 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 41 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 4 балл, Ыштак айылында жана Кумтөр кенинде 3 баллга жеткен.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине келип түшкөн документтердин 90%дан ашыгы аткарылды. Бул тууралуу ведомствонун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды. Эмгек министрлигинин коллегиясы 22-февралда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рысбекова […]Читать далее