Кытайдын аймагында катталган жер титирөө Кыргызстанда сезилди. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-февралда саат 20:17де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: – жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга […]Читать далее
27-февралга карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркап, Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп Кыргызстандын жарандарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда. Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргызстандын эки […]Читать далее
27-февралда Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев асма жолдорду куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси жана «Bartholet Maschinenbau AG» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Эдуард Кубатов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы асма жол долбоорун ишке ашыруунун перспективалары, ошондой эле аларды жайгаштыруунун мүмкүн болгон варианттары жана техникалык аспектилери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Стефано Николусси Росси […]Читать далее
«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Мунииципалитеттен билдиришкендей, эки ишкана бириктирилип, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Аталган ишканага буга чейин «Бишкексуучарбаны» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды. Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат.Читать далее
28-февраль саат 11:00дө Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат. Белгиленгендей, кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлгөн “Бахус” рейддик иш-чаранын алкагында бир күндө 30 мас абалында унаа башкарган айдоочуларды кармады. Бул “Бахус” аталышындагы рейддие иш-чара айдын аягына чейин уланат. Эскерте кетсек бул мас айдоочулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексине ылайык, […]Читать далее
“Ош” эл аралык аэропортунда аба каттамдары жанданды. “Манас” эл аралык аэропртунан билдиришкендей, буга чейин коюу туманга жана карга байланыштуу “Ош” аэропортунда төмөнкү каттамдар кармалып турган. – 2448 Ош – Жуковский – 2734 Ош- Санкт-Петербург. Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Ош аба майданына кончу төмөнкү учактар “Манас” аэропортуна конгон: – 710 Стамбул – Ош – 2909 […]Читать далее
Коюу туманга жана карга байланыштуу “Ош” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалууда. “Манас” эл аралык аэропртунан билдиришкендей, учурда “Ош” аэропортунун аймагын коюу туман каптап турат, буга байланыштуу төмөнкү каттамдар кармалууда: – 2448 Ош – Жуковский – 2734 Ош- Санкт-Петербург. Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Ош аба майданына кончу эки учак “Манас” аэропортуна конду: – […]Читать далее
2023-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаыт министрлигинин тармактарына мамлекет тарабынан кошумча колдоого 7 млрд 306 млн 745 мин 800 сом акча бөлүндү. Ведомстводон билдиришкендей, бул көрсөткүч акыркы 5 жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү. Ошентип каражат тармактарга төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: – маданиятка – 2 млрд 643 млн 451 миң 700 сом; – билим берүүгө […]Читать далее