Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышуудан жабыркагандардын арасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. “Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн […]Читать далее
Бүгүндөн баштап батыш автобекети ишин толугу менен токтотуп, жаңы дарекке көчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, эми батыш автобекетиндеги бардык каттамдар “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп баштайт. Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн, батыш автобекетинен “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине […]Читать далее
Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды. “Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, – деп кошумчалады ал. Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт. […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 миң 358 учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы эмдөө боюнча техникалык кызматкери Жанара Бекенова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар болгон. Учурда балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу жана кошумча эмдөөдөн баш […]Читать далее
Кыргызстанда аскер кызматкерлерин пенсиясы жогорулады. Бул тууралуу “Токтом” порталы маалымдайт. Ошентип, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлеринин пенсиясы 10,8 %га жогорулатылды. Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирди.Читать далее
Кыргызстанда шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 944 социалдык кызматкер эмгектенерин билдирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылуу жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен улам өз алдынча жүрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, үй-бүлөлүү жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, үйүндө майыптыгы бар […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында 21-октябрдан 23-октябрга чейин “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” деген темада семинар өтүп жатат. Семинар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө. Билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чара SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого […]Читать далее
Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт. “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча метеорологиялык болжолдоонун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан тарта баштоо чечимин кабыл алды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду. Жылуулук берүү бир […]Читать далее
Кыргызстанда 14-октябрдан 20-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 366 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 152; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64; жөө жүргүнчүлөр катышкан […]Читать далее