Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин 19 миң 508 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1 180; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 287; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64; -Жөө […]Читать далее
Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарышты. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов билдиргендей, шайлоо күнү миссия Бишкек жана Кант шаарларындагы 16 шайлоо участкаларында болду. “Аталган шайлоо участкаларында коомдук тартип камсыз кылынып, добуш берүү күнү калктын эркин билдирүүсү үчүн бардык зарыл болгон административдик чаралар көрүлгөн. […]Читать далее
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тынч жана одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, күн мурун, 17-ноябрь күнү саат 08:00дө башталган шайлоо саат 20:00дө аяктады. Республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкелеринде ички иштер органдарынын 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөдү. Жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 15-ноябрдан 16-ноябрга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 161-179-чакырымынын Талдык ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее
Кыргызстанда ID-паспортторду Tunduk мобилдик тиркеме аркылуу алмаштыруу боюнча жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 15-ноябрынан тарта КР жарандары Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт алмаштырууга арыз бере алышат. Жаңы сервис жарандарга документтерди тапшыруу үчүн калкты тейлөө борборлоруна барууга муктаж болбостон, паспортун алмаштырууга мүмкүндүк берүү менен процессти кыйла […]Читать далее
“Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Социал-демократтар” саясий партиясынын талапкерлерин каттоо жокко чыгарылды. Мындай чечим Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан маалымат […]Читать далее
Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө, ошондой эле 2025-жылдын 2-майы дем […]Читать далее
Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкекте баасы 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун “Айкөл” […]Читать далее
“Эки күн мурун Раим Матраимов үй камагына чыкты”, – деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө. Депутат Балбак Түлөбаев УКМК башчысынан эмнеге Р.Матраимов бошотулганын сурады. Өз кезегинде Ташиев Матраимовго 3 берене боюнча айып тагылганын белгиледи. “Биринчи берене – чек арадан мыйзамсыз өтүү, экинчиси – бейбаштык жана үчүнчүсү – кылмыштуу […]Читать далее
Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшүн текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, Мирланбек Байгончоков райондун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Ч.Айтматов проспектиси, 27 дарегиндеги (К.Карасаев атындагы БМУ) №1046, Жал кичирайону, 45 дарегиндеги (№95 мектеп) № 1063 жана №1035, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, 39а дареги боюнча “Чоң-Арык” […]Читать далее