Өлкө боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Алсак: • 136 мектеп; • 64 бала бакча; • 29 спорт объектиси; • 11 саламаттык сактоо объектиси; • 5 маданият үйү; • 11 административдик имарат курулууда. Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө. […]Читать далее
Социалдык тармактарда тарап жаткан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Ошондой эле Алагөзов коомчулукка кайрылып, президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууну улантышарын […]Читать далее
Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, электробустар алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда каттай баштайт. Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи пландаштырылууда. Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номердеги каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет. Эскерте кетсек, […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу. Дыйканчылык талааларында үшүп кете […]Читать далее
Өлкөдө 49 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясын төлөөдө жеңилдик алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жеңилдик президенттин “Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясынын төлөмүн төмөндөтүү аркылуу колдоо чаралары жөнүндө” жарлыгынын негизинде 2022-жылдан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып жаткан аз камсыз болгон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Улутубуздун башкы сыймыгы, ата-бабаларыбыздын улуу табериги – кыргыз тилибиздин мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл толду. Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруусунда, сот өндүрүшүндө, […]Читать далее
Бишкек шаарынын башкы планынын алкагында шаар тургундарынын транспорттук жүрүм-турумуна социологиялык изилдөө жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, изилдөөнүн максаты – Бишкектин жана анын четиндеги конуштардын жашоочуларынын шаар ичиндеги каттамдарын жана анын өзгөчөлүктөрүн аныктоо. Изилдөөнүн жыйынтыгында шаар тургундарынын 41% жеке транспортту (унаа же такси) эң көп колдонору белгилүү болду. Бул көрсөткүч жеке унаалардын популярдуулугу жогору экенин көрсөтөт. Ошол эле […]Читать далее
Бишкек шаарында жыл башынан бери 17 миң 872 “акылдуу” эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде: Ленин району –6525 даана; Свердлов району –3284 даана; Первомай району –8115 даана. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2025-жылы 28 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалган. Калганы жыл аягына чейин орнотулат.Читать далее
Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына […]Читать далее
Эртең, 23-сентябрда Бишкекте электр энергиясына болгон төлөмдөр төлөнбөгөнүнө байланыштуу 6 миңден ашык абоненттер дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы «Бишкек электр тармактары» ишканасынан билдиришти. Электр тармактар ишканалары электр жарыгы үзгүлтүккө учурабаш үчүн жашоочуларды төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Компаниянын расмий сайтындагы “Абоненттик баланс” бөлүмүнөн өзүңүздүн эсебиңиздин балансын текшере аласыз. “Менин […]Читать далее