Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Анын айтымында, сунуш Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Максат Асаналиев учурда Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт. Эскерте кетсек, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армения элчиси кызматынан бошотулду.Читать далее
Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевичке сөгүш берилди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айдит Эркин Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.Читать далее
Президенттин Жарлыктарынын аткарылышы жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди. Эскертүү алгандар: 1. Кулубаев Жээнбек – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; 2. Талантбек Иманов – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин […]Читать далее
Мелис Мураталиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев башка ишке […]Читать далее
Чаначев Улан Белекович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.Читать далее
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн […]Читать далее