Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон. Ал кызматтык ишинде жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, тартиптүүлүгүн жана натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык КР Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Жамалидинов Улан Тилектешович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ордуна Абдыгазиев Санжар Каниметович КР Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.Читать далее
Тултемиров Адылбек Жыргалбекович Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
УТРКнын башкы директору алмашты. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Тиллебаев Болотбек Кочкорович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал эми Сатиев Уланбек Алимбаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Сатиев Уланбек Алимбаевич учурда 41 жашта. Ал 1984-жылы 9-мартта Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында төрөлгөн. Уланбек Сатиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин […]Читать далее
Болотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары алмашты. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Усенова Элмира Валентиновна өз каалоосу боюнча берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна Мамырбаева Роза Курманбековна президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Белгилей кетсек, Нургазы Асылбеков буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын ээлеген.Читать далее
Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров койду. Молдажиев Казыбек Илияскарович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее
Субакожоева Айзада Муратбековна президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Сагынбаев Канат Латипжанович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.Читать далее