Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Полотова Жылдыз […]Читать далее
Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчысынын башка жарлыгы менен Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Асаналиев Максат Кубатович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Анын айтымында, сунуш Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Максат Асаналиев учурда Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт. Эскерте кетсек, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армения элчиси кызматынан бошотулду.Читать далее
Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевичке сөгүш берилди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айдит Эркин Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.Читать далее