Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Төрөбаев Бакыт Эргешевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бакыт Торобаевдин талапкерлиги министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары […]Читать далее
Нурмухамед Миңбаев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Нурмухамед Миңбаев жогорку билимдүү, кыргыз, орус жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Эмгек жолу: 2002-2004-жылдары – “Ислам маданият борбору” коомдук фондунун директору; 2004-жылы бир эле мезгилде – “Чеч-Төбө-Ата” фондунун аткаруучу директору; 2005-2006-жылдары – […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.Читать далее
Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, Орунтаев буга чейин Бишкектин вице-мэри кызматын аркалап келген.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джунушалиев Айбек Джанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Алагозов Аскат Жумакадирович Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Султанбаев Эрбол Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.Читать далее
Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун сунушу каралды. Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Д.Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду. […]Читать далее