Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сорттору чет өлкөлөргө экспорттолууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өрүк көбүнчө Россия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда. Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришти. Бул райондун […]Читать далее
2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүү байкалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эсептик мезгилде тамак-аш өнөр жайы, анын ичинде суусундуктар менен тамеки продукциясын өндүрүү ишканаларынын үлүшү кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 21,5 пайызын түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-июнь […]Читать далее
Өлкөдө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылды, – деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы. Белгиленгендей, мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга […]Читать далее
Кыргызстанда товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-майында 5 млрд 771,6 млн долларды түздү. бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 27,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 11,7 пайызгы төмөндөдү. “Ал эми ушул аралыкта ЕАЭБге […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4,0 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,2 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү […]Читать далее
2025-жылдын январь-июнунда ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 711,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга көп. “Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын – 1,7 эсеге, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн – […]Читать далее
2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 160,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык түшүүлөр алты эседен ашык көбөйдү. Бул мезгил аралыгындагы жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү. 2020-2025-жылдар аралыгында туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер төмөнкүдөй болду: 2020-жылы — 49,3 млн сом; […]Читать далее
Moody’s рейтингдик агенттиги Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингине болгон божомолун кайра карап чыгып, аны “Туруктуу” деңгээлинен “Позитивдүү” деңгээлине өзгөрттү. Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашкандай, эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде тастыкталды. Moody’s агенттигинин баалоосуна ылайык, божомолдун өзгөртүлүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын потенциалдуу өсүү ылдамдыгынын жогорулашын чагылдырат. Бул көрсөткүчтөргө жетишүү негизги реформалардын […]Читать далее
Кыргызстандан Өзбекстанга моцарелла сырын экспорттоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик продукцияны тышкы рынокко экспорттоо максатында активдүү иш алып барууда. Ушул багытта бүгүн Ташкент шаарында “Элит Моцарелла” компаниясынын башкы директору Ахмет Генч менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун жолугушуусу уюштурулду. Жолугушуунун […]Читать далее
2025-жылдын 26-июнуна карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында 3 млрд 522,11 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жаңилдетилген насыяны республиканын 5 662 айылдык товар өндүрүүчүсү алды. Анын ичинде: “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 млрд 869,61 млн сом суммасында 4 665 субъект; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 429,81 млн сом суммасында 877 […]Читать далее