Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 25-июлга карата берилген насыялар боюнча маалымат берди. Анын маалыматына караганда, 3 млрд 492 млн 362 миң сомго 8 миң 838 насыя берилди. 1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 391 млн 727 миң сомго 1 миң 213 насыя берилди. Анын ичинен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүккө кызыктыруу, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн финансылык оорчулуктарды жеңилдетүү жана аларды көмүскө экономикадан чыгаруу болуп саналат. Тактап айтканда, Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин […]Читать далее
Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр өлкөгө 56 млрд 751 млн сомго карыздар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммасы 58 млрд 877,3 млн сомду түздү. Алардын ичинен 211 миң 898 субъекттин салык боюнча […]Читать далее
Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу дээрлик 17 млрд сомго көп жыйналды. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 138 млрд 561,7 млн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 102 миңден ашык контролдук-кассалык машина колдонулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ККМдердин саны үч жыл ичинде 82 миң 586га көбөйгөн. “Өлкөдө аппараттык ККМ 75 миң 965 жана программалык ККМ 26 миң 86ди түздү. Мындай өсүшкө […]Читать далее
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10,72 млн сом жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу КП Финансы министрлиги маалымдады. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Аларды […]Читать далее
2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине жалпысынан 570,8 млн сом каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер катары 453,7 млн сом жана республикалык бюджеттен 117,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферттер – 117,2 млн сомго каржыланган; Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге […]Читать далее
2024-жылдын 18-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоордун алкагында республиканын 8 663 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 422,74 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Анын ичинде: – “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 040,81 млн сом суммасында 7 480 субъектти түзөт; – “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 381,93 млн сом суммасында 1 183 субъектти түзөт. Аталган Долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее
Талас облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 403,5 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 96,5 млн сом; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган коллегиянын отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты. Жолугушууда Салык кызматынын иштеринин жыйынтыгын чыгарып, жарым жылдык үчүн […]Читать далее