Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев менен Япониядагы эң ири дүң соода компанияларынын бири болгон “Sumitomo Corporation” компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Эркинбек Осоев Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле биздин өлкөдө энергетика, тоо-кен, айыл чарба, транспорт жана IT тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. […]Читать далее
“Кыргызалтын” 6 айда 48,2 млрд сомдук алтын жана күмүш куймаларын сатты. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине, Улуттук банкка сатылчу. Азыр компаниянын тарыхында биринчи жолу 2024-жылдын апрель айынан баштап алтын жана күмүш куймаларын Лондондогу баалуу металлдар […]Читать далее
“Кыргызалтын” ишканасынын активдери 95 млрд 650 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 6 айында “Кыргызалтындын” активдери 6 млрд 297 млн 396 миң 800 сомго өстү. “Жарым жылдын ичинде күтүлгөн план боюнча 40 млрд 884 млн 769 […]Читать далее
Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп. “2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд 100 млн сом болору […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 6 айында жер казынасын пайдаланууга бардыгы 80 лицензия берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди. Министрдин айтымында, анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 20 лицензия, биринчи берилген өтүнмө боюнча 28 жана 32 лицензия трансформация жолу менен берилген. “Буга чейин берилген лицензиялардын жалпы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы Салык төлөөчүнүн кабинетинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча “Өздүк эсептин жыйынды карточкасы” жаңы кызматын ишке киргизди. Ведомствонун маалыматына ылайык, электрондук кызматтын жардамы менен салык төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүнүн сальдосу боюнча жыйынды маалыматтарды ала алышат. Бул кызмат салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин салык органына барбай эле башкарууга мүмкунчүлүк түзөт. Жаңы сервисти пайдалануу үчүн Салык төлөөчүнүн […]Читать далее
Финансы-кредиттик фонд Кара-Көл чакан ГЭСнин курулушуна кепилдик берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөнүн улуттук экономикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан тышкы жана ички инвестицияларды тартуу учун кепилдик берүүнүн финансылык инструменти киргизилген. Финансы-кредиттик фонд тарабынан “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” жабык акционердик коому менен 17,5 млн.АКШ […]Читать далее
Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин министрлер кабинетинин тескемеси менен Кыргызстандан Кытайга өрүктү экспорттоодогу фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол бекитилген. Аны ишке ашыруу үчүн өрүк өстүрүлгөн аймактарда ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен кыргыз-кытай […]Читать далее
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында 4 миңге чукул
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо боюнча долбоор – “жүгүртүү фонду” 3-компоненти боюнча маалымат ( жүгүртүү фондунун суммасы-9,6 млн АКШ доллары) Дүйнөлүк банктын жүгүртүү фондунун каржылоосун баштоого расмий макулдугун алгандан кийин (13-апрель, 2023-жыл), 1-июль 2024-жылга карата келишимдер түзүлүп, фермерлерге төлөмдөр жүргүзүлдү: Ысык-Көл облусунда (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң р-ну) 1220 адамга (190 ГЗПМ) […]Читать далее
CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери август айында аяктайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган министрликтин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, долбоор боюнча 456 чакырым болгон 500 кВ аба чубалгысын куруу иштери кызуу жүрүүдө. ““Датка” көмөк чордонунда уячаны куруу жана тирөөчтөрдү орнотуу 100% бүткөрүлдү. Аба чубалгысын тартуу иштери боюнча айтсак, 456 чакырымдын […]Читать далее