2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөдө өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 450,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112,7 пайызды, башкача айтканда өсүш 12,7 пайызды түздү. Бул ийгиликтүү көрсөткүч төмөнкү багыттардагы өсүштүн эсебинен камсыз болду: химиялык продукциялар – 2,9 эсеге; фармацевтикалык продукциялар – […]Читать далее
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын экономикасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн жигердүү өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алдын ала баалоолорго ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң продуктусу (ИДП) 960 млрд сомду түздү. “Бул көрсөткүч өткөн 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга көп”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргызстан эт өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында өлкөдө 646,4 миң тонна эт (канаттуулардын этин кошкондо) өндүрүлгөн, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга көп. Өсүү темпи боюнча кийинки орунда Казакстан турат — 3,7 пайыз. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү Евразия экономикалык биримдигине […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн бажы тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары каралды. Тараптар ядролук, радиоактивдүү жана башка тыюу салынган материалдарды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү программаларын кайра жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө […]Читать далее
“Кепилдик фонд” ААК ишке ашырып жаткан “Келечек” кепилдик продуктусу кыска убакыттын ичинде кыргызстандыктардын өз турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтти. Фонддон билдиришкендей, аталган продукт 2025-жылдын экинчи жарымында гана ишке киргенине карабастан, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү. Көпчүлүк жарандар үчүн ипотека алууда негизги тоскоолдук болгон баштапкы төлөм маселеси дал ушул […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында жалпы 540 объектиде активдүү курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен быйылкы жылы 200гө жакын объекти ишке бериши керек. “Бардык курулуш объектилеринде видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулгандыктан, жерине барып текшерүү иштерин жүргүзүүгө чоң зарылчылык жок. Негизинен курулушта атайын […]Читать далее
Быйылкы жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке берүү пландалса, бүгүнкү күндө алардын үчөө ишке киргизилди. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Ишке берилген станциялардын катарында Сокулук-3, Туюк жана Кайнама-2 ГЭСтери бар. Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү […]Читать далее
Эки жүк ташуучу унааны баштапкы каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы чыгарылган эки DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Россиядан сатып алынган деген документтер менен катталган. Бирок Россиянын компетенттүү органдары бул унаалар бажылык тариздөөдөн өтпөгөнүн, ошондой эле аталган өлкөдө эч качан каттоого алынбаганын тастыкташкан. “Эки транспорт каражаты боюнча […]Читать далее
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча Беларусь менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бул багытта жолугушууларды өткөрүп келген. “Министрликтин деңгээлинде дагы сүйлөшүүлөр уланып, […]Читать далее
2026-жылга карата коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден электр энергиясын алуу боюнча келишимдер түзүлүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат импорт пландаштырылган. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган. “Электр энергиясын үнөмдүү […]Читать далее