Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай жеңилдиктер президент Садыр Жапаровдун “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган. Тактап айтканда, жарлык төмөнкүлөрдү камтыйт: – үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу; – жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде […]Читать далее
Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 75 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган уюмдун эрежелерине ылайык […]Читать далее
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Катардын Al Mansour холдингинин делегациясы менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде финансы жана банк секторундагы багыттарды, кендерди иштетүү, агроөнөр жай комплекси, логистика, курулуш жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө, “Тамчы”, “Ала-Тоо Резорт”, […]Читать далее
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков сандар Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн туруктуу оң динамикасын көрсөтүп турарын белгиледи. “2021-жылдан баштап өз ара сооданын көлөмү эки жарым эсеге көбөйдү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 837 млн доллардан ашты”, […]Читать далее
Ирандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык продукциялары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Ирандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алып келинген 6480 кг балык азыктары бар оор жүк ташуучу унаа өлкө аймагына киргизилген жок. Аталган пунктун инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жүрүшүндө […]Читать далее
Быйыл Кыргызстан кант кызылчасынан өндүрүлгөн кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылдан калган запас жана быйылкы түшүмдүн негизинде шекер жетиштүү. “Былтыр жалпы кант кызылчасынын түшүмүн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районундагы кыргыз-өзбек биргелешкен “Тулпар Моторс” унаа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң унааны түзөт, эми кийинки этаптарда 30 миңге чейин жеткирүү пландалууда. Завод ишке кириши менен 1000ден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн. […]Читать далее
Кыргызстан менен Россия жана Казакстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майынын баалары салыштырылды. Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды: Кыргызстандагы баалар: макарон азыктары (спагетти) 3,1 пайыз; макарон азыктары (вермишель) 3,1 пайыз; […]Читать далее
Бишкек шаарын менен Чүй облусун газдаштырууга 13,78 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган каражатты 110 каржылоо субъектиси алды. Газдаштыруу боюнча насыялоонун жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу берилүүдө. Белгилей кетсек, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер […]Читать далее
Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, насыяны өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштеген аял ишкерлер, ошондой эле үлүш ээлеринин кеминде 50%ы аялдар болгон юридикалык жактар ала алышат. Насыя алууга керектүү документтер: жеке жактарда ишмердүүлүк патенти же ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган күбөлүк болушу керек; юридикалык жактарда […]Читать далее