Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу болуп өттү. Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү, ошондой эле, 2040-жылга […]Читать далее
2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдирди. Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат: мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКсынын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 105,03 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады. Ведомстводон билдиришкендей, 58,07 миң тонна дизелдик отун жана 46,9 миң тонна бензин маркаланды. Мындан сырткары, октябрь айында милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери КММга акциз салыгынан 513,3 млн сом келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул […]Читать далее
Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлорго деп 100 млн доллар карыз алган экен. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, учурда, анын 58,8 млн доллары калган. “Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган. Бүгүн, Түркия президенти Кыргызстанга болгон […]Читать далее
CASA-1000 долбоорунун энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштыра турган ири трансаймактык электр берүү линияларын түзүүгө багытталган CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилерин курууну аяктады. Бул долбоорго төрт мамлекет – Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан катышууда. […]Читать далее
25-октябрда Европа Биримдиги Кыргызстандын министрлер кабинетине билим берүү сектору үчүн гранттык негизде 7 млн евро, же 648,7 млн сомго жакын бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти. Европа Бирлигинин колдоосу Кыргызстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана жынысына, этникасына жана тилине карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ЕБ менен […]Читать далее
2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга кирген инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га көбөйүп, жалпы көрсөткүч 462,2 млн долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов билдирди. Кыргызстанга инвестициялардын келүүсү боюнча КМШдан тышкаркы өлкөлөр басымдуулук кылып, анын көлөмү 150,6 млн долларды түздү. КМШдан тышкаркы мамлекеттерден келген инвестициялардын көлөмү 280,4 млн долларды түзөт. Негизги […]Читать далее
Кыргызстанда сабиздин өндүрүшү акыркы төрт жылдын ичинде 30 миң тоннага чейин жогорулаган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындан төрт жыл мурун сабиздин өндүрүшү 155 миң тоннаны түзсө, азыр анын көлөмү 185 миң тоннага чукулдап барат. “Кыргызстанда өстүрүлгөн сабиз таза, органикалык жол менен өстүрүлгөн улам жана […]Читать далее
Сокулуктагы фабрика жылына 1 млн жуп бут кийим чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, Сокулук районунун Новопавловка айылындагы “Империал Групп Компани” фабрикасы бут кийимдерди тигүүдө италиялык роботтук жана санариптик технологияны пайдаланган атамекендик биринчи заманбап ишкана. Компаниянын ишмердүүлүгү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун […]Читать далее
2024-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 237 млрд 158 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 37 млрд 219,4 млн сомго көп. Салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 176 млрд 893,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 101,3%га же 2,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу […]Читать далее