Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом […]Читать далее
Кыргызстан менен Азербайжандын Энергетика министрлери ортосунда энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Документке эки өлкөнүн энергетика министрлери Таалай Ибраев жана Шахвазов Парвиз Октай оглы кол койду. Меморандумдун негизги максаты — энергетика тармагындагы азербайжан-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү […]Читать далее
“Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн долларга көтөрүлөт. Бул тууралуу “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымына караганда, биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонддун баштапкы уставдык капиталы 25 млн доллар болгон. “Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир-эки күндүн ичинде фонддун капиталын жогорулатуу боюнча […]Читать далее
Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Элчи Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал мындай жолугушуулар эки өлкөнүн […]Читать далее
Кыргызстанда 9 миң 504 ишкерге 6 млрд 455 млн 227 миң 818 сом пайызсыз насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилүүдө. Анын ичинде: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 290 ишкерге 4 млрд 663 млн 693 миң 243 сом берилген; 2-категория боюнча (3 […]Читать далее
Улуу Британия 19 млн фунт баштапкы капиталы менен фонд түзүү аркылуу Кыргызстандын аймактарында чакан жана орто бизнести колдоого даяр экенин билдирди. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай маалымат Кыргызстан жана Британиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Дэвид Кэмерондун жолугушуусунда айтылды. Белгилей кетсек, жолугушуу Улуу Британиянын ТИМ башчысынын Кыргызстанга биринчи сапарынын алкагында өттү.Читать далее
2023-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 515 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 1,6 эсеге көп. Мындагы келишимдердин 88%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 419 млн сомго жакын өлчөмдө сальдолоштурулган пайда алынды. Бул 2022-жылга караганда дээрлик 11%га көп. Камсыздандыруунун […]Читать далее
Былтыр республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди
2023-жылы республиканын экономикасынын финансы секторундагы уюмдардын пайдасынын өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети маалымдады. 2023-жылы экономиканын финансы секторунда 663 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 621 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү. 2023-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 18%га көбөйүп, […]Читать далее
2024-жылда Талас облусунун 20 объектисине 42,4 млрд сом каржыланат. Бул тууралуу КР Финансы министлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору – финансы министринин орун басары У.Аманбаев Талас облусунда болгон иш-сапарында облустун бюджети жана КРдин акыркы жылдары жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди. Министрдин орун басары консолидацияланган бюджеттин ресурстары акыркы 3 жылда […]Читать далее
Финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонго (АКШ) иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык Валюта фондунун жылдык жолугушууларынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, ошондой эле Өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, эл аралык аренада иш сапардын негизги максаттардын бири – Камбар-Ата-1 ГЭСи мегадолбоорунун ишке ашырып, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу болду. […]Читать далее