Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди. Ал азыркы учурда фонд экономиканын ар кайсыл тармагындагы 16 долбоорду каржылап жатканын белгиледи. “Кооперациялардын жаңы долбоорлорун түзүү үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда”, – деди ал. Эске сала кетсек, фондду түзүү боюнча келишимге […]Читать далее
“Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү акыркы 7 жылда 6 эсеге өстү. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди. Ал 2023-жылдын аягында эле товар айландыруу 1 млрд 260 млн долларды түзгөнүн белгиледи.Читать далее
“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, компания жетекчилиги жана мекеменин директорлор кеңеши акционерге отчетун угузду. Жыйында “КПК” ЖАК президенти Байгазы Матисаков өткөн жылда аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип, акционер жана директорлор кеңеши менен бирге күн тартибиндеги коюлган маселелерди карап чыгып, 2024-жылга бюджет менен иш пландар бекитилди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому […]Читать далее
2024-жылдын 1-апрелине карата банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд сом өлчөмүндө таза киреше алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди. Ал банк тармагынын жалпы активдери жыл башынан бери 7,3%га өсүп, 658,9 млрд сомду түзгөнүн белгиледи. “Анын ичинде банк секторунун кредит портфелинин […]Читать далее
Жыл башынан бери 215,4 миң электрондук патент берилген. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын башынан бери онлайн режиминде 531 миллион 993,8 миң сомго 215 миң 430 электрондук патент берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 133 миң 652 патентке же 248 миллион 783,4 миң сомго аз берилген. Берилген патенттердин санынын азайышы патент боюнча соода жүргүзгөн […]Читать далее
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 1,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорунун алкагында “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ААК тарабынан берилүүдө. 2024-жылдын 25-апрелине карата долбоордун алкагында […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,5 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды. Бул тууралу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 25-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоорунун алкагында республиканын 3 828 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 562,3 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Анын ичинде: – “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 416,6 млн. сом суммасында 3 […]Читать далее
Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтмында, Акылбек Жапаровдун АКШнын Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 500 млн доллар бөлүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. “Бул маселе боюнча так жооп жаңы жылга чукул банктын директорлор кеңешинин […]Читать далее
“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому Кыргызстандагы жашыл каржылоо боюнча долбоорду колдоого алып, каражат бөлөт. Бул тууралуу “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын төрагасынын орун басары Азизбек Сайпидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, “Өнөктөш банктар жана башка финансы институттары аркылуу жашыл критерийлерге ылайык долбоорлорду максаттуу каржылоо” кредиттик продуктусунун каражаттары насыя алуучуларга түздөн-түз “Мамлекеттик банкы” […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,2 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору бекитилди. Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын […]Читать далее