Жыл башынан бери мамлекет чакан жана орто бизнести 88 миллион 51 миң сом каржылады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Мамлекет бул иш-чараларды кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, жакырчылыкты азайтуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөн пайыздык кредиттерди берүү аркылуу аймактарды жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү максатында ишке ашырууда. […]Читать далее
Жалал-Абад облусундагы балык чарбаларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы жалпы 22 балык чарба министрлик менен келишим түзүп, ишмердүүлүгүн алып барууда. Анын ичинде: Токтогул суу сактагычында – 9 балык чарба; Күрпсай суу сактагычында – 5 балык чарба; Таш-Көмүр […]Читать далее
2025-жылдын 1-сентябрында министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстандын 2025-2029-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программасы бекитилди. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул документ өлкөнүн экологиялык багыттагы экономикалык саясаттын жаңы этабын ачат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, инновацияларды жайылтууга жана экологиялык стандарттарды жогорулатууга багытталган. Ал 2019-2023-жылдардагы Программанын (2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтом) ордуна кабыл алынып, […]Читать далее
Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегатын бир учурда реконструкциялоо боюнча кошумча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 3-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев China National Electric Engineering Co.,LTD компаниясынын президенти Ян Вэнхуа менен жолугушту. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана […]Читать далее
“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоору боюнча 3,16 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыя 26 каржылоо субъектке берилди. Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышкан, аларды кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт.Читать далее
Энергетика министрлиги: Бензин жана дизелдин кымбатташы дүйнөлүк базардагы кырдаалга байланыштуу
Кыргызстанга мунай продуктыларын жеткирүү штаттык режимде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2016-жылдагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Индикативдик баланста каралган көлөмдөр жана ички резервдер өлкөнүн керектөөлөрүн камсыздоого жетиштүү. Белгиленгендей, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Россиядан импорттолот. 2025-жылга […]Читать далее
Кыргызстан россиялык кийим бренддери тигүү буйрутмаларын берген алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты 2025-жылдын жазында PROfashion мода индустриясы тууралуу россиялык бизнес басылмасы жарыялагандыгын Deutsche Welle (DW) басылмасы жазды. Маалыматта айтылгандай, лидерлердин арасында – Кытай (33,5%), Россия (28,2%), Түркия (15,3%), Беларусь (12,8%), Кыргызстан жана Вьетнам – (5,1%) бар. “Эксперттер 2022-жылды Кыргызстандын тигүү тармагы үчүн жигердүү […]Читать далее
Быйыл картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 165,3 центнерди түзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына […]Читать далее
2025-жылдын сегиз айында Мамлекеттик салык кызматы 165,2 млрд сом салык чогулткан. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, натыйжада план 9,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. Ал салыктык түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 млрд сомго өскөндүгүн белгиледи. Адылбек Касымалиев […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматкерлеринин Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө айына 1 тоннадан ашык көлөмдө алкоголдук продукция (самогон) өндүргөн объект аныкталды. Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн натыйжасында андан ары сатуу үчүн даярдалып жаткан 29 челек (5200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган. Жеринде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлдү. Объектке шаардык ички […]Читать далее