Былтыр Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын кирешеси бир кыйла жогору болгон. Ведомстводон маалымдашкандай, алардын жалпы кирешеси 36 млн 242 миң 100 сомду түзүп, көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 30 млн 916 миң 100 сомго көп болгон. Анын ичинен: Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтуна караштуу селекциялык жана үрөнчүлук чарбалардын жылдык […]Читать далее
Бир айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 18,7 млн сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан январь айында жүргүнчү жана жүк ташыган 47 миң 645 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 421 протокол түзүлдү. Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү […]Читать далее
Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 8 млрд 531 млн сом пайызсыз насыя берилди. Ведомствонун маалыматына караганда, насыя Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилүүдө. Долбоор 2022-жылдын сентябрь айында ишке киргенден баштап бүгүнкү күнгө чейин, тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд […]Читать далее
2025-жылдын январь айында Кыргызстанда 6 332 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, пнын ичинен 4 758 жаранга пенсия жаңы чектелди. Мындан тышкары, кошумча берилген документтердин негизинде (эмгек стажы, айлыгы, окуусу жана майыптыгы боюнча) 1574 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.Читать далее
Кыргызстанда ички жана тышкы инвесторлордун катышуусунда инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, аларды ишке ашыруу иштери уланууда. Буга акыркы жылдары өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар иштердин аткарылышы оң жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2024-жылы өлкөгө келген чет өлкөлүк инвестициялар тууралуу маалымат берди. Кыргызстан […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы жарандардын салык төлөмдөрү кандай максаттарга жумшалып жатканын түшүндүрдү. Салыктар – бул өлкөнүн бюджетинин негизги бөлүгүн түзөт, алар экономиканын өнүгүүсү жана коомдун бакубат жашоосу үчүн маанилүү. Бирок, көпчүлүк “салыктык кирешелер кайда кетет?” деген суроого кызыгышат. Мамлекет тарабынан жыйналган бардык салыктар, өлкөнүн негизги жашоо чөйрөлөрүн каржылоого багытталат. Төмөндөгү инфографикада республикалык бюджеттин чыгымдарынын негизги чөйрөлөрү […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 0,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, тамак – аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 1,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 0,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер – 0,6 пайызга баалардын жогорулашы белгиленди. […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын январь-декабрь айларында орточо эмгек акы 37 миң 361 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,7%га өскөн. «Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук […]Читать далее
2025-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 млрд сомду түздү. . Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин брифингинде маалым болду. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тазаланган мунай продуктулардын 2,4 эсеге, тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин 1,6 эсеге, химиялык заттар 1,5 эсеге жана фармацевтикалык […]Читать далее
2024-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын товарлары менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 16 миллиард АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 0,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди. Анын айтымында, ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 13,1%га өскөн, ал эми импорттук көрсөткүчтөр тескерисинче, 2,4%га кыскарган. Ал 2024-жылдын […]Читать далее