Кыргызстанга Чехиядан асыл тукум ийри мүйүздүү мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, малдар лизингге фермер Азамат Маданбеков тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна 7 жана Жети-Өгүз районуна 24 баш бооз симментал породасындагы кунаажындар алып келинди. Симментал породасы бул сүт-эт багытындагы порода болуп […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) башкарууга жана эсеп-фактураны колдонуу тартибине бир катар өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт. Тактап айтканда, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 токтомуна ылайык, жеткирүүдө жана импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын мурда бекитилген Тизмеги күчүн жоготту. Мындан […]Читать далее
Баткен облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 38,6 млн сом бөлүндү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн суммага 27 долбоор каржыланды: Кадамжай району 11 объектисине – 16,4 млн сом; Лейлек району району 6 объектисине – 7,0 млн сом; Кызыл-Кыя шаары 6 объектисине – 8,4 млн сом; Сүлүктү шаары 4 объектисине – 6,8 […]Читать далее
2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы убакта иштеп аткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган, алардын ичинде облустар боюнча: – Баткен облусунда-7, Жалал-Абад облусунда-38, Ош облусунда – 28, Ысык-Көл облусунда-25, Нарын облусунда-11, Талас облусунда-4, Чүй облусунда-136, Бишкек шаарында-146 жана Ош шаарында 20. Ошондой эле, […]Читать далее
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилиги КР Экономика жана коммерция министрлигинин астындагы “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга эт азыктарык экспорттоо боюнча долбоорду биргелешип каржылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында Кыргызстанда эт кластерин түзүү, андан кийин продукцияны Өзбекстанга экспорттоо каралган. Бул кластер өлкөнүн эт тармагын өнүктүрүүнүн негизги элементи […]Читать далее
Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2024-жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн. Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 8,8 млрд доллары түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 4,7 пайызга көп. Мында экспорттук берүүлөр 3,7 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,7 пайызга көбөйгөн. “Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-август айларында 3 млрд 199,2 млн сом мүлк салыгын чогултту. Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 млн сомго көп. Бул сумманын 845,7 млн сомун кыймылдуу мүлк салыгы түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79,5 млн сомго көп. План 4,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча план […]Читать далее
КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Талас облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 24,7 млн сом суммасында 19 долбоор каржыланды. Талас району 4 объектисине 4,3 млн сом; Манас району 5 объектисине 5,3 млн сом; Айтматов району 1 объектисине 1,8 млн сом; Бакай-Ата району 5 объектисине 10,3 млн сом; Талас шаары 4 объектисине […]Читать далее
2024-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 798 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өскөн. “2024-жылдын январь-августунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 330 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7%га өскөн. Мындай […]Читать далее