2025-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,2 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарларына баалардын 0,2 пайызга өсүшү менен шартталган. 2025-жылдын мартында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 пайыз) Казахстанда катталган, бул […]Читать далее
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада соода жана өнөр жай багытындагы эркин аймактарды түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу кечээ Анжиян облусунда өткөн жыйында президент Шавкат Мирзиёев билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады. Мирзиёевдин айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга болжол менен 200 млн долларлык товар экспорттолот. Бул агымды мындан ары да кеңейтүү максатында Өзбекстан чек арага […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, базардагы соода түйүндөрүнүн биринен жалпы суммасы 200 миң 200 сомдон ашкан 1 820 куту тамеки продукциялары тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Бул факты боюнча жеринде КРнын мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар […]Читать далее
Кыргызстан менен Кореянын экономика жана инвестициялык кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлүүдө
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангджэ менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр Корея Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, өлкөлөр ортосунда достук жана ишенимдүү мамиле түзүлүп, бир катар багыттар боюнча тыгыз кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Министр өлкөнүн учурдагы экономикалык өнүгүү тенденциялары жана чет элдик инвестицияларды тартуу […]Читать далее
Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнүн кеңири маселелерин талкуулашты. Айрыкча, Венгрия өкмөтүнүн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталына кошумча каражат бөлүү тууралуу чечими өзгөчө белгиленди. Министр Бакыт Сыдыков […]Читать далее
2025-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынан жалпы салмагы 96 043,6 тонна, саны 18 199 493 даана жана көлөмү 1 389 м³ болгон айыл чарба продукциясы экспорттолду. Анын ичинен: Көчөттөр – жалпы 5,7 миллион даана, анын ичинен: гүл көчөттөрү – 4,9 млн даана, мөмөлүү көчөттөр – 697 миң даана, декоративдүү көчөттөр – 78 миң даана. Жашылчалар (картошканы […]Читать далее
2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагачы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда орточо айлык акы 17,8%га өскөн. Ал кошумчалагандай, эмгек акынын эң көп өсүшү курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, маалымат жана коммуникациялар, ресторан жана мейманкана кызматтары, кесиптик, илимий-техникалык […]Читать далее
2025-жылдын башынан бери республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөрдүн өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын январь-мартында ички дүң продукция алдын ала эсептөөлөр боюнча 329,1 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өскөн. Ал ИДПнын 51 пайызын тейлөө, 31,5 пайызын товардык өндүрүш тармагы, 17,5 пайызын […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги азыркы тапта өлкөдө картошка дыйкандар үчүн ыңгайлуу баада кармалып тургандыгын эске салат жана мындан ары аталган продукцияга баа кескин көтөрүлбөй тургандыгын билдирет. Буга байланыштуу картошканын баасы кымбатташы күтүлбөйт. Андыктан, министрлик дыйкандарды учурдан пайдаланып, ушул маалда картошканын запасын сатып, пайда таап алууга чакырат! Учурда дыйкандар картошканы дүңүнөн 40-45 […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Шебнем Альп жетектеген UK Export Finance (UKEF) делегациясы менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, Кыргызстандын Финансы, Санариптик өнүгүү, Энергетика, Жаратылыш ресурстары министрликтеринин, ошондой эле «Чакан ГЭС» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Улуу Британиянын каржылык демилгелерине өзгөчө көңүл буруп, эки […]Читать далее