25–26-сентябрда Брюссель шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча үчүнчү жолу жолугушту. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыйында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринин социалдык баалоосу, аткаруу жолдору жана эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле октябрь–ноябрь айларында өтө турган кийинки жолугушууга даярдык көрүү маселеси каралды. Долбоордун […]Читать далее
2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 597 млн долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 530 млн доллар болгон. Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү быйыл 51,4 млрд долларга жетип, бир жыл ичинде 19,8%га өстү. Учурда Өзбекстан дүйнөнүн 200гө жакын мамлекети менен соода жүргүзүп келет. […]Читать далее
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери Эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Россия фонд мира” фондуна шилтеме берүү менен РИА Новости маалымдады. Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары дүйнөлүк укуктук тартипке негизделген жалпы жана тең коопсуздукту камсыздоого, көп багыттуу дүйнө түзүлүшүн курууга, ошондой эле элдер ортосундагы […]Читать далее